АКШ: Жээктеги штаттарда «Мэттью» бороонунан өзгөчө кырдаал түзүлдү

A lone palm tree stands by a demolished mobile home in Park City Estates in Davie, Florida after Hurricane Wilma passed through, Sunday, Oct. 24, 2005.(Photographer: Richard Sheinwald/ Bloomberg News)

«Мэттью» бороону — акыркы 10 жылда Атлантика океанынын эң күчтүү бороондордун бири болуп калды. Ал АКШнын жээктерине жакындап келүүдө. Бул бороондон Куба, Гаити жана Доминикан өлкөлөрү зыян көрдү.

Флорида, Жоржия жана Түштүк Каролина штаттары «Мэттью» бороонунун айынан өзгөчө кырдаал жарыялады. Бороон коркунучтун жогорку 5-категориясына жетти.

NBC телеканалы маалымдагандай, жергиликтүү эл азык-түлүк менен камданып жатышат жана күйүүчү май сатуучу жайларда чексиз кезек күтүүлөр пайда болду.

Түштүк Каролинанын бийлиги «Мэттьюнун» масштабы өзгөрбөсө, калкты жээктен 100 миль аралыкка эвакуациялашын жарыялады.  

Бороон-чапкын мезгилинде кредиттик карталар иштебей калышы мүмкүн экендиги кечки жаңылыктардан айтылган. Жергиликтүү элге картадагы акчаларды накталай алып алуу зарылдыгы эскертилди.  

Euronews телеканалы Куба, Доминикан өлкөлөрү жана Гаитидеги кырсык жөнүндө чоң материал тартып көрсөттү.

Кубада бороон автоунаалар кыймылын токтотуп, электр чубалгыларды үзүп салган. Курман болгондор жок, «Эркиндик аралынын» бийлиги жарандарды коопсуз жайга көчүрдү.

Доминиканада табият кырсыгынан кеминде төрт адам мерт кеткен, жээктеги шаарлар бузулуп, жүздөгөн үйлөр жабыркаган.

Гаитиде да курман болгондор бар — дайынсыз жоголгон жана курман болгондордун саны тогузга жетти. Беш шаарды суу каптаган. Гаити калкы 2010-жылда болгон жер титирөөдөн толук бутка тура элек, бороон болсо болжол менен бир канча миллион долларлык чыгаша алып келди.

The New York Times жазгандай, АКШ кырдаалды жөнгө салууда техника жана Гаити калкына суда берди.  

«Мэттью» — 2007-жылы жогорку деңгээлге жеткен алгачкы бороон. Бороондун эпицентриндеги шамалдын ылдамдыгы 230 чакырым саатка жеткен. Анын масштабы менен таанышуу үчүн шамалдын картасы да жасалган.