Президенттин аппараты: Атамбаев Батыров менен бир эле жолу жолуккан

Президент Алмазбек Атамбаевдин администрациясы билдиргендей, өлкө башчысы Кадыржан Батыров менен Убактылуу өкмөттүн башчысынын орун басары болуп турган кезде бир канча жолу жолуккан. Бул тууралуу Кыргызстандын бийлиги тарабынан издөөгө алынган Кадыржан Батыров берген интервьюсунда айткан.

Кадыржан Батыров — Кыргызстанда «сепаратизмге» жана «улуттар аралык чыр-чатакты козуткандыкка» айыпталган ишкер жана экс-депутат. Ал «Азаттык» радиосуна курган маегинде, Кыргызстандан чыгып кетип жатканда Атамбаев менен бир канча жолу жолукканын айткан.    

Президенттин администрациясы анын сөздөрүн четке кагып, Атамбаев Батыров менен Роза Отунбаеванын өтүнүчү менен бир эле жолу жолукканын билдирди. Роза Отунбаева 2010-жылдын апрель ыңкылабынан кийин Убактылуу өкмөттү башкарып турган.

«Алмазбек Атамбаев Кадыржан Батыров менен 2010-жылдын апрель айында бир гана жолу жолуккан», — деп айтылат администрациянын берген маалыматында.  

Президент аппаратынын маалыматында жазылгандай, жолугушууда мамлекеттик кызматтагы этникалык азчылык тууралуу сүйлөшүлгөн.

«Буга чейин да маалымдалып жүргөндөй, Алмазбек Шаршенович Батыров менен жолукканда, мамлекеттик кызматка этникалык азчылыкты тартуу өтүнүчү жөнүндө сүйлөшүлгөн», — деп айтылат маалыматта.

Президенттин тапшырмасы менен, Башкы прокуратура Батыровдун өлкөдөн качып кетүүсүнө кимдердин катышы бар экендигин изилдеп жатат.

Ал учурда Атамбаев Убактылуу өкмөттүн башчысынын орун басары кызматын ээлеп турган.

Батыров болсо «Азаттык» радиосуна билдиргендей, ал Отунбаеванын өтүнүчү менен мамлекеттен чыгып кеткен, ага бул кабарды Убактылуу өкмөттүн башка мүчөлөрү угузган.

«Саясий түзөтүү»

Атамбаевдин администрациясы өз маалыматында «Азаттык» радиосунун кыргыз редакциясын сынга алган.

Администрациянын пикиринде, Батыровдун өзбек тилинде берген интервьюсун кыргыз жана орус тилдерине туура эмес которушкан. Администрация муну «саясий түзөтүү» катары баалады.  

«Кыргыз тилиндеги аудио жана видеоверсиялардын жоктугу "Азаттыктын" кыргыз кызматынын атайын уюштурган саясий түзөтүүсү болушу мүмкүн», — деп жазылат маалыматта.  

Президенттин аппараты эксперттерге шилтеме берүү менен, кыргыз жана орус редакциялары Роза Отунбаева жөнүндөгү Батыровдун сөзүн «тазалап» койгонун айткан. Алар «Свобода» радиосунун администрациясына кыргыз редакциясынын жетекчилигинин «саясий шыктуулугуна көңүл бурууну» сунуш кылышкан.     

«Азаттык» радиосунун директору Венера Жуматаева Kloop.kgге курган маегинде, кыргыз жана орус тилдерине которулган тексттер өзбек версиясынан айырмаланып турат. Анын айтуусунда, кыргыз кызматы Батыровдон кыргыз тилинде өзүнчө интервью алган.

«Биз өзүнчө кыргыз тилинде интервью алганбыз. Алар [өзбек кызматы] видеого тартышкан болсо, биз радиого жазганбыз. Биз өзбек редакциясынан көчүргөн жокпуз, ал [Батыров] Прагага келген, кыргызча сүйлөй алганын билебиз, интервьюну өзбек тилинен которуунун мааниси канча? "Тазалап" салышты деп эмне тууралуу айтып жаткандыктарын түшүнгөн жокмун, ал өзүнчө интервью болчу», — деди Жуматаева.  

«Азаттык» радиосунун редакциясы Батыровдун кыргыз тилиндеги интервьюсунун аудиоверсиясын кыргыз тилиндеги интервьюнун текстин жарыялагандан соң чыгарган.

Батыров жана Кыргызстан бийлиги

Кадыржан Батыров — жалал-абаддык ишкер, өлкөнүн түштүгүндөгү өзбек коомунун мурдагы лидери. Ал 2010-жылдын 20-майында мамлекеттен чыгып кеткен. Кыргызстандын бийлиги аны улуттар аралык чыр-чатакты козуткандыкка айыптаган. Батыров Кыргызстанда мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою сыртынан соттолгон.

Сентябрь айынын аягында Батыров ЕККУнун Варшавадагы адам укуктары боюнча өткөн жыйынында сөз сүйлөгөн. Ал Конституцияга каршы чыгып жаткан оппоненттерге басым көрсөтүүдө Кыргызстан бийлигин анын атын колдонуп жаткандыкта айыптаган.

Батыров ЕККУнун аянтында сүйлөгөндөн соң, кыргыз бийлиги Кыргызстандагы ЕККУ борборунун статусун түшүрүүнү чечкен. Андан сырткары, ИИМ ЕККУнун жыйынында Батыровдун жанында отурган укук коргоочу Төлөйкан Исмаилованы текшерүүгө алууда.