Бекер нан: Кантип жаш үй-бүлө карыяларга жашыруун жардам берүүдө

Жаш үй-бүлө күнүнө «улгайган адамдарга бекер берилсин» деген шарт менен дүкөндөн ондогон нан сатып алышууда. Буга окшогон акциялар башка соода түйүндөрүндө да өтүүдө. Сатып алуучулар жардамга муктаж адамдар үчүн азык-түлүктөрдү атайын текчелерге калтырып кетишет.

Улгайган адамдар Гоголь көчөсүндөгү азык-түлүк дүкөндөрүнүн бирине таң азанда келип, дүкөнгө нандын алынып келинишин күтүшөт.

Күнүнө дүкөндүн алдында ондогон пенсионерлер кезекке турушат. Алардын айрымдарынын сөзүнө караганда, дүкөнгө күнүгө сексенге жакын, кээ бир учурда жүздөн ашык адам чогулат.

Пенсионерлердин айтымында, нан азыктарын ташуучу машина такталган убакытта келет. Кээде эртең мененки саат тогузда же кечирээк, бирок саат 11ден кечикпейт.

Чогулган көпчүлүк бири-бири менен тааныш болуп калган. Алар топ-топ болуп чогулуп, дүкөндүн жанындагы ашкананын тепкичинде маек курушат. Кээ бирлери күнүгө ушул жакка келишсе, айрымдары шартка жараша шаардын ар кайсы булуң-бурчунан чогулат.

«Үнөмдөлгөн 15 сом — бул чоң жардам»

Пенсионер Клара Аманова чыгыш автобекетинин жанында жашайт жана бул жакка жумасына бир нече жолу келет. Ал бекер нан алыш үчүн алыстан келгендигин жана үнөмдөлгөн 15 сом — чоң жардам экендигин айтат.

«Бул жерде мындай жардам күн сайын көрсөтүлөт, бир нан бекер берилет. Мен күндө келе албайм, жумасына эки-үч жолу келем. Мен демөөрчүлөргө жана бул ишти аткарууга уруксат берген адамдардын бардыгына ыраазымын», — дейт ал.

Бул жерден бекер нан алганы Зоя Гороховацкая да келип, өзүнө жана  оорулуу кайненеси үчүн эки нан алып кайтат.

«Бир айда 300-400 сом да — чоң жардам. Бул жерден көп киши жардам алабыз. Демөөрчүлөргө биз ыраазычылык катын жазганбыз, бирок бизди бекер нан менен камсыз кылгандар ким экендигин бизге айтышкан жок, ыктыярчылар белгисиз бойдон калышты», — деп билдирди ал.

Анын айтуусу боюнча, ыктыярчы аларды башка азык-түлүктөр менен да камсыз кылгысы келишет.

«Алар бизге бир айда бир жолу тооктун бир санын же кайсы бир дан азыгын сунуш кылгысы келишкен, бирок алар аны ишке ашыра албай калышты», — деди пенсионер.

Сурамжылоого катышкан пенсионерлер мындай жардамга көнбөгөнүн билдиришти.

«Бекерге бир нерсе берүү да болобу? Бекер нан тараткан бул адамдардын кандайдыр бир жүйөөсү бар болушу мүмкүн. Себеби бекер эч нерсе жок да», — деп пенсионерлердин бири пикирин айтты.

«Белгисиз бойдон калууну каалаган кайрымдуу адамдар»

Дүкөндүн кызматкерлеринин айтуусу боюнча, бекер нан таратуу — белгисиз бойдон калууну каалаган жаш жубайлардын демилгеси.

Аларга бул кайрымдуулук ишин жүзөгө ашырууга Бишкектин азык-түлүк дүкөнүнүн кызматкерлери жардам берүүгө макул болушуп, күн сайын жаңы бышкан нан азыктарын таратууга көмөктөшөт.

Администратор болуп эмгектенген Чолпон, алар бул кайрымдуу адамдар алгач башка дүкөн менен иштеше башташканын, ал дүкөн жабылып калганда ушул дүкөнгө келишкенин айтты.

«Буга окшогон кайрымдуулук ишти жаш жубайлар башка дүкөндө өткөрүшчү, ал дүкөн жабылып калганына байланыштуу, бул акцияны алар бизге сунуш кылышты, биз да жардам көрсөтүүгө макул болдук», — деди ал.

Кайрымдуулук акциясы жайында башталган, акциянын демилгечилери аны улантууну көздөшөт.

Бир ай мурда буга окшош акция Бишкектин башка дүкөндөрүндө, BetaStores, Berlin дүкөндөрүндө башталган. Сатып алуучулар атайын текчелерге аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жана үй-жайы жок кыргызстандыктар үчүн азык-түлүктөрдү калтырып кетишет.