Бишкектеги «Күнөстүү балыктар» фонтаны 34 жылдан бери биринчи жолу жаңыланып жатат

Бишкектин борборундагы «Күнөстүү балыктар» фонтан комплекси октябрдын ортосунда жаңыртыла баштады. Азырынча аны тазалап гана коюшту, бирок кийинки жазга карата толук жаңылап чыгууга убада беришүүдө.

Абдрахманов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Күнөстүү балыктар» фонтанын жаңылоо 17-октябрда башталды.

Бишкек мэриясынын өкүлү Гуля Алмамбетова мурда каражат бөлүнбөй келгендиктен жана уруксат алуу жагынан кыйынчылыктар болгондуктан жаңылоо иштери дал азыркы учурда башталып жатканын Kloop.kgге түшүндүрдү.

«Жаңылоо иштери сүрөтчү менен чогуу жасалышы үчүн [мэр Албек Ибраимов]  автордук көзөмөл орнотууга буйрук берди. Фонтан боюнча жоопкерчилик "Бишкексууканалдын" мойнунда деп чечилип, ага сүрөтчү таап, жаңылоо системасын аны менен чогуу иштеп чыгууга буйрук берилди», — деди ал.

Шаар мэриясынын долбоору боюнча, фонтандын тегерегинде отургучтары бар, жарык кылына турган эс алуу жайы жайгашмакчы.

«Лимон» басылмасы тазалоо иштери баасы 5000 евродон ашкан атайын техниканын жардамы менен жүргүзүлүп жатканын кабарлады.

«Фонтандарды жана имараттардын беттерин биз кадимки суунун жардамы менен тазалайбыз, техника өтө кубаттуу — ал бир метрлик бетонду тешип өтө алат. Катуу басым астындагы суу туз калдыктарын жана кирди жууп кетирет», — деди фонтанды калыбына келтирүү менен алек болгон инженер.

«Азыркы учурда көтөрмө уюм катуу басым астында туз калдыктарын жана кирди жууп кетирүүдө. Биз фонтандын түбүн оңдоп, бетин калыбына келтирип, фигуралык элемент болгон балыктардын тышкы көрүнүшүн жаңыртууну пландап жатабыз. Ошондой эле кошумча түтүктөр өткөрүлүп, жарык берилет», — деди Бишкексууканалдын башкаруучусу Мирлан Абыкулов.

Свердлов муниципалдык районунун башчысы Самарбек Болотбеков райондун администрациясы бул жерди өзүнчө эс алуу жайына айландырып, отургучтарды орнотуп, шаардыктар жана башкалаанын коноктору үчүн таш төшөөнү пландап жатканын белгиледи. Анын айтымында, бул үчүн эскиздик долбоор даяр.

Видео: Азамат Каработоев