Видео: Кыргыз оркестринин аткаруусунда «Гарри Поттердин» жана «Жылдыз согуштарынын» саундтректери

Кыргыз мамлекеттик филармониясынын 80 жылдыгына карата камералык оркестр «Кариб деңизинин каракчылары», «Гарри Поттер», «Жылдыз согуштары», «Хатико» жана башка фильмдердин саундтректерин аткарып берди.

Кыргыз мамлекеттик филармониясынын камералык оркестри 5-ноябрда «Эң мыкты фильмдердеги эң мыкты музыка» аттуу эксклюзивдүү концерттик программаны коюп берди. Оркестрдин музыканттары дүйнөлүк кинотасмалардын атактуу саундтректерин ойношту.

Оркестр ошондой эле Людвиг ван Бетховендин «Ай сонатасынын» бир нече версиясын көрүүчүлөргө тартуу кылды.

Филармониянын көркөм жетекчиси жана дирижеру Нур Өмүрбаев Kloop.kgге фильмдердин композицияларын аткаруу идеясы үч жыл мурун пайда болгонун айтты.

«Мен өзүм ушундай музыканын күйөрманымын, бул программаны үч жыл чогулткам, кайсы бирөөнү шөкөттөп чыктым, айрымдарын композиторлордон сатып алдым, чет өлкөдөн алып келдим», — деди ал.

Өмүрбаев концертте аткарылган чыгармалар эл арасына чыкпаганын, бирок тректердин композиторлорунун автордук укуктары сакталганын кошумчалады.

«Биз шөкөттөмөлөрдү композиторлордун өзүнөн же тааныштар аркылуу алганбыз. Бул жерде автордук укук сакталган. Биз бул концертти көрүүчүлөрүбүзгө белек кылдык десек болот. Программанын баары менин сүйүктүү саундтректеримден турат», — деди ал.

Өмүрбаевдин айтымында, концертти даярдоого күн сайын репетиция кылган үч айдан ашуун убакыт кетти.

«Жеңил композиция болбойт. Эгерде көрүүчүгө баарын жеткиргиң келсе, шайкештиктен тартып стилине чейин баары татаал. Эч нерсе жеңил болгон жок», — деди Өмүрбаев.

Анын айтымында, пландаштырылган композициялардын баары эле аткарылган жок.

«Эгерде бүгүн баарын аткарып салсак, кийинки концертке эч нерсе калбай калат. Негизи биздин оркестр кинофильмдердеги саундтректерди аткарган мындай стилге эң биринчи болуп өттү. Албетте, биз муну улантабыз», — деди ал.

Видео: Арсений Мамашев