Кайрат Примбердиев «Голостун» жарым финалына өттү

Музыкалык долбоордун чейрек финалында кыргыз ырчысы Кайрат Примбердиев «Я спросил у ясеня» романсын аткарып, өз атаандаштарын артта калтырды. «Брависсимо!» — калыстардын биринин баасы дал ушундай болгон.

Чейрек финалда Кайрат Микаэл Таривердиевдин «Я спросил у ясеня» чыгармасын аткарды. Бул ыр көпчүлүккө «Ирония судьбы или с легким паром» фильминин саундтреги катары белгилүү.

Кайрат «Голос» шоунда биринчи жолу орус тилинде ыр аткарды, буга чейин ал долбоордо дүйнөлүк хиттерди англис тилинде ырдап келген. Калыстарга кыргыз ырчысынын аткаруусу жагып, ал музыкалык долбоордун жарым финалына жолдомо алды.

«Брависсимо, мен бул ырды аткаруу эрдигин көрсөтө алмак эмесмин, анткени ал өтө татаал», — деп баалаган Кайрат Примбердиевдин аткаруусун калыстар тобунун мүчөсү Григорий Лепс.

Примбердиевдин мурдагы насаатчысы Леонид Агутин ырчыны «сүйкүмдүү» деп атап, анын үнүнүн өзгөчө тембрин белгилеген.

«Сиз бул романсты таң калаарлык деңгээлде так жана кылдат аткардыңыз», — деген Кайратка калыстар тобунун мүчөсү жана ырчы Полина Гагарина.

Кайрат орус романсы стилинде ийгиликтүү аткаруу үчүн жан дили менен берилип ырдоо керек деп эсептейт. Мурдагы баскычтарды ал энергия жана образга кирип аткаруунун эсебинен ийгиликтүү басып өткөн.

Кайрат үчүн бул биринчи жолу орус романсын аткарып жаткан учур эмес. Ал буга чейин «Главная сцена» музыкалык шоунда орус романстарын аткаруу менен финалга чейин жеткен.

«Россия» телеканалынын музыкалык долбоорунда Примбердиев былтыр катышып, калыстардын бири Елена Ваенганы таң калтыра алган. Ваенга Кайратты өзүнүн концертинде ырдоо үчүн чакырып, жадагалса аны менен ыр жаздырган.

Эми Кайратты алдыда «Голос» долбоорунун жарым финалы күтүп турат. Кыргыз ырчысына финал үчүн бир кадам калды.

Долбоорго катышуу бир гана Орусияда эмес, КМШ өлкөлөрүндө жана ошондой эле дүйнөдөгү орус тилдүү аудиторияда белгилүүлүк алып келиши мүмкүн.

Бул 2012-жылдан бери «Биринчи каналда» чыгып келаткан «Голос» вокалдык долбоорунун алтынчы сезону. Бул көрсөтүү голландиялык «The Voice of Holland» долбоорунун ылайыкташкан түрү болуп саналат.

Долбоорго адис музыканттар катышып, каалаган музыкалык жанрда өнөр көрсөтө алаарын калыстарга далилдешет. Сынакта катышуучулар «Тыңшоо», «Эрөөл», «Нокаут», чейрек финал, жарым финал жана финал баскычтарынан өтүүсү керек.