КВНдин чемпиондору: «Азия Микстин» жеңишке карай жолу

Кыргызстандык «Азия Микс» командасы Шайырлар жана тапкычтар клубунда (ШТК) эң мыкты ийгиликке жетишип, Жогорку лиганын чемпиону болду. Кыргызстандын командасы түзүлгөндөн тартып жеңишке чейин кандай жолду басып өткөн?

ШТКнын тарыхында биринчи жолу Кыргызстандын командасы Жогорку лиганын чемпиону болду — «Азия Микс» финалга чыккан башка командалардан 24-декабрда озуп өтүп, 2016-жылдын сезонунда жеңүүчү деп табылды.

«Азия Микс» ШТКнын эң жогорку сыйлыгын утуп алган Кыргызстандын биринчи командасы гана эмес, акыркы 10 жыл ичинде Орусиядан чыкпаган Жогорку лиганын да чемпиону.

«Азия Микске» чейин эмне болду эле?

«Азия Микс» 2009-жылы команданын капитаны Элдияр Кененсаровдун демилгеси менен түзүлгөн. Шоумен өзү Шайырлар жана тапкычтар клубунда карьерасын 2004-жылы баштап, Борбор Азия чөлкөмүнүн «Азия үнү» курама командасы жана Кыргыз-орус славян университетинин командасы үчүн чыгып жүргөн.

Кийинчерээк ал Кыргызстандын ШТК боюнча курама командасынын курамында болгон — Ал Челябинскидеги Урал лигасында жеңишке жетишип, андан соң 2006-жылдагы Сочи фестивалынын жыйынтыгы боюнча Биринчи лигага өткөн. Бирок команда финалдын ⅛ бөлүгүндө оюндан чыгып калган.

Ошол эле 2006-жылы Кененсаровду тамашалардын автору катары Казакстан-британ техникалык университетинин командасына чакырышкан.

2007-жылы киңкилдеп сүйлөп «Э, Санжар!» деген сөзү менен элге таанылган Бакыт аттуу каракчынын образы пайда болду. Образдын автору Элдиярдын иниси Эрмек Кененсаров болчу. ШТКнын сахнасына ал өзү чыгышы керек эле.

Бирок Эрмек оюнга келе албай калып, сахнага анын ордуна Элдияр чыккан. Кийин «Азии Микс» негизделген соң Бакыттын образы анын автору болгон Эрмекке кайтарылган.

2008-жылы Элдияр казак командасынан кетип, сыналгыга барган — ал «Ашкана» сериалынын болочок сценаристи Жаннат Керимбаев менен бирге «Улуттар лигасы» юмористтик долбоорунда ойногон. Кыргыз ШТКчылары долбоордо эң мыкты деп табылган.

«Улуттар лигасынан» кийин Кененсаров Кыргызстанда ШТКны кайра жандандырууга киришкен. Ал «KG Club» чыгармачыл тобун түзүп, 2010-жылы «Чоң кишилер» долбоорун ишке киргизип, ал ШТКчылардын көбүнө атак алып келген.

«KG Club» автордук тобу «Азия Микс» командасынын өзөгүн түзүп баратат.

«Азия Микстин» доору

2009-жылы «Азия Микс» пайда болгон. Команданын Кыргызстандын чегинен тышкары ийгиликтүү өнөр көрсөтүшү 2011-жылы Сочиде болгон. Анда «Азия Микс» кеңири публикага биринчи ирет Бакыттын образын алып чыккан.

2012-жылы «Азия Микс» ШТКнын финалынын ⅛ бөлүгүндө жеңишке жетишип, бирок анча ийгиликтүү бүтпөгөн бул аракет команданы ойлонтуп, оюн стилин түп-тамырынан бери өзгөртүүгө түрткү болгон.

Образдарды, музыканы алмаштыруу, жаңы тамашалар сыяктуу өзгөрүүлөр командага пайда алып келип, ШТКнын Биринчи лигасынын чепиону болгонго шарт түзгөн. Бул жеңиш «Азия Микстин» Жогорку лигага өтүшүнө жол ачкан.

ШТКнын Жогорку лигасында кыргыз командасы 2013-жылдан тартып ойной баштаган. «Азия Микс» өзүн «Азия улуттарынын курама командасы» катары көрсөтүп жүрөт.

2013 жана 2014-жылдары команда жарым финалга жетпей калып жаткан. 2013-жылы команда чейрек финалда «КэмБридж», «Пятигорск шаары» жана «Журналистика факультети» командаларынан утулуп калган. Ошол эле чейрек финалда «Азия Микс» 2014-жылы да утулган — анын оюндагы атаандаштары «Союз», «Мурманск шаарынын курама командасы», «Саратов» жана «Жаштык» командалары болчу.

2015-жылы команданын курамы өзгөрүп, азыр баары тааныган «Азия Микс» пайда болгон. Сахнага жаңы образдар — өзбек актрисасы, тажик ырчысы, казак бакшысы жана кыргыз студенти чыккан. Команданын негизги адамдары болуп бир тууган Кененсаровдор кала беришти.

Бирок 2015-жыл команда бир аз калганда жарым финалдан чыгып, Дагестандын командасынан утулуп калды. Ошол эле жылы команда ШТКнын кара түстүү Чоң КиВиН сыйлыгын — ШТК дүйнөсүндөгү мааниси жагынан үчүнчү сыйлыкты уткан.

2016: Жеңиш жылы

2016-жыл — «Азия Микстин» салтанат жана жеңиш жылы.

Жыл башында команда Сочидеги фестивалга жол тартып, ал жерде айлампага кыргыз юмористи Аким Карасаев кошулган. Бул убакта ал ТНТ телеканалында юмористтик көрсөтүүнүн катышуучусу катары элге таанылып калган болчу.

«Азия Микстин» Сочидеги оюну ШТКдагы жолубуздун аягына чыгалы деген Кененсаровдун чечимине негизделген эле. Бирок оюндун аягында команданын капитаны «Азия Микстин» келечегин көрүүчүлөргө тапшыргае — ал көрүүчүлөргө команда ШТКда кала берсинби же кетип калсынбы деген суроо боюнча добуш берүүнү сунуш кылган.

Көрүүчүлөр залы команда жеңиш үчүн күрөшсүн деген чечимди бир добуштан колдогон. Ушул чечим «Азия Микстин» ийгилиги үчүн чечүүчү учур болуп калды.

Сочидеги фестивалдын экинчи айлампасынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын командасы ШТКнын Жогорку лигасынын жаңы сезонуна өткөн. «Азия Микс» финалга чыгып, чемпиондук наам үчүн күрөштө казактардын «Спарта» командасын, Москва циркинин курама командасын, Мурманск жана Ярославль шаарларынын курама командаларын артта калтырды.

Жалпысынан «Азия Микс» 10,9 упай топтоп, «спарталыктардан» 0,3 упайга алдыга чыккан. Баш байге катары «Азия Микс» 600 миң рубль акчалай сыйлык алды.