Бишкек шаардык кеңеши кыргыз башкалаасынын мэри кылып Албек Ибраимовду кайра шайлады. Ал кандай убадаларды берген жана шаар башчысы болуп иштеген бир жылдан азыраак убакыт ичинде эмнелерди жасады?

Ибраимов — көпчүлүк коалиция сунуш кылган бийликти колдоочу талапкер — 11-январда мэрдин кызматына кайра шайланды. Ал буга чейин эле былтыр февралдан тартып Бишкек шаар башчысынын кызматын аркалап келген. Ибраимов эмнелерди убада берген жана бир жылга жетпеген иш убактысында эмнелерди жасады?

2016-жылдын мартында Ибраимов шайланаары менен :

  • Жаңы таштанды контейнерлерин орнотууга;
  • Бишкектин 126 магистралын оңдотуп чыгууга;
  • Профсоюзная көчөсүн оңдотууга;
  • Шаар үчүн 10 автобус жана 50 троллейбус сатып алууга;
  • Жаңы үч троллейбус маршрутун киргизүүгө;
  • Бишкектин түштүгүндө велочыйыр салууга;
  • Авточабармандар үчүн атайын трасса бөлүп берүүгө;
  • Курулуш ээлерин кыйылган бактардын ордуна жаңы бактард отургузууга милдеттендирүүгө убада берген.

Ушулардын ичинен эмнелер аткарылды?

Таштанды контейнерлери Бишкекте былтыр жылы бою пайда болуп жүрүп отурду. Бирок Евробиримдик менен биргелешип таштанды контейнерлерин орнотуу боюнча долбоор Ибраимов Бишкектин мэри болуп шайланганга чейин эле башталган.

Орнотулган контейнерлердин жалпы саны 7200 даана, алардын ичинен 840ы — Европа стандартында, бастырмалары жана атайын аянтчалары бар.

Сүрөт: meria.kg

Калктуу конуштар. «Ала-Тоо» калктуу конушундагы жолдор жана Виноградная көчөсүндөгү Чоң Чүй каналы аркылуу өтчү көпүрө, «Арча-Бешик» калктуу конушунда Муромская көчөсүндөгү жана «Ак-Өргөөдөгү» көпүрө пайдаланууга берилди.

Жол инфратүзүмү. 2016-жылы дээрлик 1500 жол белгиси жана тогуз аялдама орнотулган.

Сүрөт: «АКИпресс»

Жолдор. 2016-жылдын августунда Ибраимов менен Кытай элчилигинин соода-экономикалык маселелер боюнча кеңешчиси Сунь Хэ «Бишкек шаарынын көчө-жол түйүнүн өнүктүрүү» долборун ишке ашыруу боюнча протоколго кол коюшкан.

Ага ылайык Бишкекте жалпы узундугу 95 чакырымды түзгөн 49 көчө оңдолуп чыгат. Оңдоо иштери 2016-жылдын августунда башталган. Көчөлөрдү оңдоонун болжолдуу наркы 4,81 миллиард сомго жакын.

Жалпысынан былтыр Бишкек мэриясы 27,6 чакырым автожолдорду оңдоп, ага 545,7 миллион сом жумшаган.

Сүрөт: meria.kg

Транспорт. Апрелде Бишкекке Кытайдын Үрүмчү шаарынын жетекчилиги кызматташтык жана достук байланыштарды өнүктүрүү программасынын алкагында белек кылган 10 жаңы автобус келген.

Мэрия ноябрда Европа кайра куруу жана өнүктүрүү банкы (ЕККОБ) башкалаа үчүн троллейбустарды сатып берүүгө 8,424 миллион евро бөлүп берүүгө макул болгонун кабарлаган. Вице-мэр Геннадий Милицкийдин айтымында, жалпысынан бул суммага мэрия 2017-жылдын экинчи жарымынан тартып 50 жаңы троллейбус сатып алууга ниеттенүүдө.

Сүрөт: meria.kg

Жаңы маршруттар. Бишкек мэриясынын алдындагы троллейбус башкармалыгы Kloop.kgнин кабарчыларына жаңы маршруттар ишке кире элек экендигин билдирди. Аларды жаңы троллейбустар келгенден кийин ачуу пландалууда.

Велочыйырлар. 2016-жылдын сентябрында шаардын түштүк бөлүгүндө Жукеев-Пудовкин – Токомбаев – Байтик Баатыр көчөлөрү менен чектелген айланма велочыйыр салынган. Анын узундугу 1,5 чакырым, туурасы − 3 метр. Жалпысынан ага 7 миллион сом жумшалган.

Сүрөт: meria.kg

Стритрайсерлер үчүн трасса. Азырынча авточабармандар үчүн эски аба майданы тарапка Ибраимов убада берген өзүнчө автотрасса салына элек.

Бак тигүү. Мэриянын алдындагы «Зеленстрой» муниципалдык ишканасынын башкы агроному Сергей Кравер Kloop.kgге азырынча курулуш ээлерин кыйылган бактардын ордуна жаңыларын отургузууга милдеттендирген токтомдор чыга элек экенин айтты.

Убадалардан тышкары эмнелер жасалды?

Хоспис үчүн имарат. Ибраимов паллиативдик жардам көрсөткөн «Биринчи балдар хосписи» фондунун өкүлдөрүнө балдар хосписин уюштурууга имарат бөлүп берди.

Мэриянын чечимине ылайык, Жаш Гвардия бульварындагы мурунку балдар кургак учук ооруканасынын экинчи кабаты балдар хосписине берилген. Мэрия ушул имараттын коммуналдык төлөмдөрү өзү көтөрмөй болду.

Бишкектин мэри Албек Ибраимов жана «Жардам берген оңой» коомдук фондунун башчысы Динара Аляева. Сүрөт: meria.kg

«Дельфин» бассейнин оңдоо. Каражаттын жетишсиздигинин айынан созулган беш жылдык оңдоо иштеринен кийин акыры оңдолгон бассейн 9-ноябрда ачылды. Ибраимов аны калыбына келтирүүгө 57 миллион сом бөлүнүшүнө жетишкен.

«Үн өткөрбөй турган кашаалар». Мэр Ибраимовдун тапшырмасы менен 2016-жылдын күзүндө КМШ мамлекет башчыларынын мааракелик чогулушунун алдында «Манас» аба майданына кеткен трассаны бойлото, ошондой эле Жибек-Жолу көчөсү менен Фучик көчөсүнөн баштап Батыш автобекетине чейин «үн өткөрбөй турган кашаалар» коюлган.

Бишкектиктер бул кашааларды «Потемкиндин айылдары» деп атап коюшкан, алар муну менен бийлик Бишкектеги эски, урап жаткан үйлөрдү жашыргысы келди деп баамдашкан. Бирок мэрия бул кашаалар жөө жүргөн кишилердин коопсуздугу үчүн коюлганын айтты.

«Күнөстүү балыктарды» кайрадан жасалгалоо. «Күнөстүү балыктар» чачыратмасы 34 жылдын ичинде биринчи жолу кайрадан жасалгаланды. Тазалоо иштери 5000 евро турган атайын техниканын жардамы менен жүргүзүлгөн.

Башкы беттеги сүрөт: «КирТАГ»

ТЕМА БОЮНЧА: