Бул колонка «Клооптун» негиздөөчүлөрүнүн бири Бектур Искендердин жеке пикири.

Кийин тарыхчылар Алмазбек Атамбаевдин башкаруу доорун сүрөттөгөндө, ал президент болгон жылдардагы эң ири авиакырсыктан кийин анын каякка жоголуп кеткенин баарынан көп кеп кылышат.
Бектур Искендер - со-основатель Клоопа
Бектур Искендер — «Клооптун» негиздөөчүлөрүнүн бири
Мен биздин өлкөгө президент эмне үчүн керек экенин деле түшүнө бербейм. «Кыргыз Республикасынын президенти» деп аталган кишилердин жарымы пайдасынан зыяны көп болду. Атамбаев азырынча алардын катарында эмес.
Аны дегеле түшүнүш кыйын. Менимче ал көптөгөн тири укмуш одоно каталарды кетирип жатат, бирок антейин десең аны Акаев же Бакиев менен бир катарга да коё албайсың.
Үй-бүлөсү деле негизинен жакшы, атайын кызматтар деле азырынча журналисттерди үйлөрдүн чатырынан ыргыта элек.
Бирок мисалы, акыркы алты жылда Кыргызстанда президенттин кызматы таптакыр жок болсо деле, андан эч нерсе өзгөрмөк эмес болуш керек: ушундай эле бир премьер-министр болмок, ушундай эле парламент, милиция, дарыгерлер болмок, ушундай эле «Азия Микс» командасы же «Курманжан датка» фильми болмок, турмуш деле негизинен ушундай эле болмок.
Балким ушундай эле болушу керек. Балким, президент чын эле кандайдыр символикалуу фигурага, эч нерсе деле кылбаган, бирок кыйчалыш кырдаалдарда даанышман кеңештерди берген өлкө масштабындагы камкордук көрүүчүлөр кеңешинин төрагасына айланууга тийиш болсо керек.
Европа өлкөлөрүндө андай ролду падышалар аткарат.
***
Жакында бирөөлөр суроо берсе башкалары ага кеңири жооп берген «Квора» сайтында абдан кызыктуу талкууну окуп калдым.
Суроо «ханыша Елизавета II эмне иш кылат жана дегеле ал эмне үчүн керек?» деген суроо болчу. Бул маселе Улуу Британияда такай көтөрүлүп турат, анткени өлкө тургундарынын 20 пайызынын пикиринде, падышанын үй-бүлөсү — бул өз артыкчылыктарына таптакыр күтүүсүз жол менен ээ болуп калган бекерпоздордун эле тобу.
Королева Елизавета II, 2012 год.
Ханыша Елизавета II, 2012 жыл.
Жооптордун бири канчалык талаштуу болбосун абдан кызыктуу экен.
«Мен ханыша Елизавета сизге же мага караганда алда канча көп иш кылаарынан дээрлик күмөн санабайм», — деп жазган NASA инженери, британдык Роберт Фрост сөзүн мындай улаптыр:
«2015-жылы, 89 жашында, ал 306 иш-чарага барып, ал жерден чогулгандар менен саламдашып сөз сүйлөп, киши чыдагыс баарлашуулардын баарына катышып, кайсы бир тема боюнча туура пикир айтып, сүрөткө түшүп, жабыркагандарды сооротууга мажбур болгон».
Жабыркагандарды сооротуу — Европанын падышалары саясий бийлигинен ажыраган соң аткарган иштин эң пайдалуусу, балким бирден бир пайдалуу милдети.
Елизавета II навещает жертв теракта в лондонском метро, 2005 год.
Елизавета II Лондон метросундагы террордук чабуулдун курмандыктарынан кабар алганы барган кез, 2005-жыл.
Балким бул өлкөлөргө монархия ушул үчүн гана — кыйын учурда калктын баары үчүн психологиялык кызмат катары зарыл болсо керек.
Елизаветанын атасы, падыша Георг VI, Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда асмандан үстөккө-босток жаап жаткан бомбаларга карабай Лондондо өз эли менен калганда ушундай вазийпа аткарган.
Дания падышасынын үй-бүлөсү өлкөнү фашисттик Германия басып алганда элге башкы дем берүүчү күчкө айланган. Падыша Кристиан X Копенгагендин парктарында элге чыгып, немис аскерлерине каршы каяша иретинде Даниянын элдик ырларын ырдап турган.
Королева Нидерландов Максима плачет, встречая тела голландцев, погибших в авиакатастрофе рейса MH17, 2014 год.
Нидерланддын ханышасы Максима MH17 рейсинин авиакырсыгынан каза тапкан голландиялыктардын сөөгүн тосуп алуу учурунда ыйлап жатат, 2014-жыл.
Акыры, жакынкы эле мисал — баса ал да авиакырсыкка тиешелүү — 2014-жылдын июлунда Украинанын үстүнөн атып түшүрүлгөн «Малайзия аба жолдорунун» учагында ажал тапкан кишилердин сөөгүн Голландия падышасынын үй-бүлөсү биринчилерден болуп тосуп алган.
***
Мен Европа монархияларынын мисалын келтирип жатканым кызыктай угулса керек жана албетте, Кыргызстан — монархия эмес.
Бирок Атамбаев өз реформасы аркылуу президентке калтыргысы келген роль так ошол символикалуу-монархиялык ролго окшоп турат, болгон айырмасы — Кудай жалгап бизде президент бийликти мураска албайт жана улам алмашып турат.
Мага президенттен эч нерсе деле кереги жок, мен ансыз деле жашай берем. Менимче кыргызстандыктардын 99 пайызы деле күнүмдүк турмушунда президентке анча муктаж эмес. Британдыктардын же голландиялыктардын да 99 пайызы падышалары жок деле жашай алат.
Бирок президент чын эле жетекчиликтин символу катары (же депутат Иса Өмүркуловдун кускуну келтирген кошоматчы тили менен айтканда «журт атасы» катары) көпчүлүк үчүн чын эле маанилүү болгон сейрек кездешүүчү учур — эл башына чоң кайгы түшкөн учур.
Первые часы после авиакатастрофы возле аэропорта "Манас", 2017 год. Фото: Тилек Бейшеналы уулу
«Манас» аба майданынын жанындагы авиакырсыктан кийинки алгачкы сааттар, 2017-жыл. Сүрөт: Тилек Бейшеналы уулу
Кыргызстандыктар Атамбаев кырсык болгон жерге биринчилерден болуп жетип барат деп күттү эле. Жабыркагандарды боорукер көз карашы менен, керектүү сөздөрү менен сооротот деп күттү эле. Аза күтүү күнүндө чындап ичи ачышкан, бир кезде аны сындагандарды да үндөбөй тунжурап турууга мажбур кылып жүрөккө жеткен сөз сүйлөйт го деп үмүт кылды эле.
Анан акыры аягы, курман болгондордун бирөөнүн тажиясына, жок эле дегенде үй-бүлөсүнүн баарын жоготкон кичинекей Жакшылыктын курман болгон жакындарына топурак салганы барып коёбу деп күттү эле.
Эгерде Атамбаев ошонун баарын кылса, сынчылар анын көп эле нерсесин — эси жок сөздөрүн да, былтыркы Эгемендик күнүндөгү жосунсуз жоругун да, Москвада кыргыз кыздары күйүп кеткенде унчукпай койгонун да, ал тургай шайтан алгыр конституциялык реформасын да кечирмек.
Каргаша болгон күндөн бери толук үч күн өттү. Ошондон бери президенттин кылгандары:
  • Басма сөз кызматы аркылуу көңүл айтты. Бул көңүл айтуу анын сайтында текст түрүндө жайгаштырылып, аны сыналгыдан дикторлор окуп беришти, башкача айтканда президент өзү аны видеокамералардын алдында да, жок дегенде радиостанциялардын микрофонуна да сүйлөгөн жок;
  • Жабыркагандарга акча бөлүп берүүнү тапшырды — албетте, өз эсебинен эмес, кайрымдуулук иретинде чогулган президенттик фонддон. Ал акчаны ансыз деле бөлүп беришмек деп ишенем. (Андан да ачык айтайын — президент болбосо деле эл өзү жакшынакай эле акча чогултуп жатат);
  • Авиакырсык болгон күнү өзгөчө кырдаалдар министрин кабыл алган имиш, бирок бардык расмий сүрөттөрдө EXIF-маалыматтар өчүрүлгөн (мен текшерип чыктым), андыктан ал сүрөттөр ошол күнү тартылганы арсар. Ошол күнү тартылса деле, эмне үчүн «Манас» аба майданында эмес, өз кабинетинде болгон?
  • Аза күтүү күнү, 17-январда, эмнегедир Улуттук банктын башчысы менен каржы министрин кабыл алып, алар менен авиакырсык жөнүндө эмес, башка нерсе жөнүндө сүйлөшкөн;
  • 18-январда Атамбаев General Electric (WTF?) компаниясынын вице-президенти жана Өзбекстандын премьер-министринин орун басары менен жолугушкан.
Болду.
Алмазбек Атамбаев на встрече с вице-президентом корпорации General Electric, 18 января 2017 года (если верить пресс-службе президента)
Алмазбек Атамбаев «General Electric» корпорациясынын вице-президенти менен жолугушууда, 2017-жылдын, 18-январы (президенттин басма сөз кызматына ишенсек).
Башкача айтканда Атамбаев ооруган деле эмес окшойт. (Анысы го жакшы, өмүрү узун болсун деп эле тилейм).
***
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК, мурда КГБ/НКВД) Атамбаевди коомдук түйүндөрдө сындаган адамдардын сары изине түшүп, опурталдуу оюн баштаганда, президенттин талапкерлери бир топ эле көп болуп чыкты.
Алардын дээрлик баарынын бир жүйөсү бар эле — алар президентти «мамлекеттин символдорунун» бирөө деп чыгышкан (бирок жаңы Конституция боюнча деле андай эмес), андыктан аны жөн эле сындаганга болбойт, конструктивдүү гана сынга алса болот дешкен эле.
Эмнесин айталы, акыркы үч күн ичинде Атамбаев мурда жагып жүргөндөрдөн деле толтура конструктивдүү сын укканга себеп тапты.
Жана УКМК өлкөнүн жарымын камап салса деле мунусун биографиядан сызып салыш эч мүмкүн эмес.
Эгерде автордун позициясына макул болсоңор, «Клооптун» «Фэйсбуктагы» барагына жазылгыла
ТЕМА БОЮНЧА: