«Human Rights Watch» эл аралык уюму адам укуктары жана эркиндиги жөнүндө 27-баяндамасын жарыялады. Бул уюм талдаган мамлекеттердин арасында Кыргызстан да бар эле. Баяндамага ылайык Кыргызстандагы адам укугу боюнча абал оңолгон жок.

Human Rights Watch эл аралык баяндамасында көлөмү 687 бет болгон 90 мамлекеттеги адам укуктары боюнча кырдаалдын сереби бар.

Уюмдун баяндамасы боюнча Кыргызстанда 2016-жылы адам укуктары жаатындагы абал жакшы жакка өзгөргөн жок.

Адам укуктары жана эркиндиги бузулган фактылардын арасында — укук коргоочу Азимжан Аскаров мыйзамсыз кармалып, кыйноого алынганы тууралуу БУУнун комитетинин корутундусунан кийин Кыргызстан аны бошотуудан баш тартканы; 2020- жылга чейин мамлекеттин Башмыйзамына түзөтүү киргизүүгө мораторий жарыяланганына карабастан Конституцияга түзөтүүлөрдүн кабыл алынышы бар.

Ошондой эле 2010-жылы Ошто улут аралык чатакта жабыр тарткандарга, кыйноого жана басмырлоого көңүл бурулат.

«Мурунку жылдардай эле 2010-жылы улут аралык зомбулукта жапа чеккендер үчүн сот адилеттигин камсыз кылууга эч кандай кадам жасалган жок. Адаттагыдай эле уруксатсыз мамиле менен кыйноо жазасыз калып, аялдар менен лесбиянкаларга, гейлерге, бисексуалдар менен трансгендерлерге (ЛГБТ) карата басмырлоо менен зомбулук уланган», — деп айтылат баяндамада.

Конституциялык реформа

Эксперттердин ою боюнча Конституцияга түзөтүүлөрдү киргизүү кыргызстандыктардын укуктарына тескери таасирин тийгизди.

2016-жылы август айында ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросу (ЕККУ ДИАУББ) менен Европа Кеңешинин Венеция комиссиясынын биргелешкен тыянагы жарыяланды.

Анда эксперттер Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөр «бийлик бутактарынын арасындагы тең салмакка терс таасир этээрин, аткаруу бийлигинин укугун күчөтүп, сот бийлигин да парламенттей алсыратканын» белгилешкен. Бирок эл аралык уюмдардын, жарандык коомдун жана оппозициянын сын пикирлерине карабай Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өткөрүлүп, ал кабыл алынган.

ТЕМА БОЮНЧА:


Сот адилеттигине жетиш

Отчетко ылайык 2010-жылы июнь айында мамлекеттин түштүгүндө болгон улут аралык чатакта жапа чеккендерге Кыргызстандын бийлиги эмгиче сот адилеттигин камсыз кыла элек.

Ошол кезде жабыр тарткан өзбек улутундагылардын арыздарын кайра карап чыгуу боюнча бийлик эч кандай иш жүргүзгөн жок.

ТЕМА БОЮНЧА:


Кыйноо жана сот процесстери

Кыргызстандын өкмөтү кыйноо мүшкүлү бар экенин моюнга алды, бирок анын жазасыз калышы кадыресе көрүнүш бойдон калып келатат.

Кыйноо тууралуу арыздар боюнча кылмыш ишин козгоо сейрек кездешет, иликтөө иштери көпкө созулуп, натыйжасыз өткөрүлөт. Сот процесстери да ошондой.

2016-жылдын июль айында беш жылдык соттук териштирүүдөн кийин сот Усманжан Холмирзаевдин өлүмүнө байланыштуу сот милициянын төрт кызматкерин актап чыкканын эксперттер мисал келтиришкен.

Холмирзаев 2011-жылы август айында милициядан алган залалдардан көз жумган. Бул баяндама даярдалып жатканда кыйноо үчүн эч ким жоопкерчиликке тартылган жок.

Улуттук көз каранды эмес алдын-ала эскертүүчү механизмдин маалыматтарына караганда 2015-жылы кыйноо фактылары тууралуу 199 арыз катталган. Бирок кылмыш иштери 34 учурда гана козголгон.

ТЕМА БОЮНЧА:


Жарандык коом

БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Азимжан Аскаров адамгерчиликсиз шарттарда мыйзамсыз камалып, кыйноого алынганын укукка жатпай турган көрүнүш деп баалады. Комитет өкмөткө соттолгон укук коргоочуну токтоосуз бошотуп, өкүмдү жокко чыгарууну сунуш кылды.

Азыр жаңыдан ачылган жагдайларга байланыштуу иш кайрадан каралууда, Аскаров дагы эле абакта.

2016-жылдын январь айында адвокат жана укук коргоочу Нурбек Токтакунов президент Алмазбек Атамбаевди сотко берди. Доонун себеби катары Токтакунов 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо жарандык коомго «долулук» жана «кырдаалды курчутуу» боюнча эл алдында айып коюлганын атады. Сот бул доону карагандан эки жолу баш тартты.

Июнда ар-намыс менен кадыр-баркты коргоо боюнча сотко укук коргоочулар Азиза Абдрасулова менен Төлөкан Исмаилова доо арыз беришти. Укук коргоочу айымдардын айтымында, доого 2016-жылдын май айындагы Энелер күнүн майрамдоодогу президенттин кемсинткен сөздөрү себеп болгон. Алар Бишкектин Жогорку сотуна чейин жетишкен, ал эми эки башка сот инстанциясы — Бишкек жана Биринчи май соту бул доону канааттандырышкан эмес.

2016-жылдын февралында укук коргоочулардын абалы боюнча БУУнун атайын баяндамачысы Мишель Форст өз баяндамасында «жарандык топторго асылуу, аларды опузалоо жана кысымга алуу күчөп кеткенине байланыштуу терең тынчсызданаарын» билдирген.

Ал өкмөттү «укук коргоочулар өз мыйзамдуу ишин коопсуз жана ыңгайлуу шарттарда, ар кандай опузадан жана терс натыйжадан коркпостон аткаргыдай мүмкүнчүлүк берүүгө» үндөгөн.

Аялдарга карата зомбулук

Эксперттердин пикиринде, аялдарга жана кыздарга карата үй-бүлөлүк зомбулук олуттуу мүшкүл боюнча калууда.

Зомбулукту баштан кечиргендердин коргоого жана сот адилеттигине жетишине жардам кызматтарынын өнүкпөгөнү жана милициянын кастык мамилеси жолтоо болууда. Андан тышкары, психологиялык жагдай да таасир этип жатат — аялдар үй-бүлөсүн бузуп алуудан коркуп, басмырлоого чыдай беришет.

Бирок эрте никелерди токтотуш үчүн Кыргызстанда жашы жете электер менен никеге тургандарды кылмыш жообуна тарта турган мыйзам кабыл алынды.

Кызык жери, эми жашы жете электердин диний никеге турушуна макулдук берген ата-энелер, ошол никени кыйган имамдар, ошондой эле жашы жете электер менен диний никеге турган чоң кишилер үч жылдан беш жылга чейин кылмыш жообуна тартылат.

ТЕМА БОЮНЧА:


Пикир айтуу эркиндиги

Эксперттердин пикиринде, 22-июнда парламент биринчи окууда Кыргызстанда чет өлкөлүктөргө ЖМКнын ээси жана түзүүчүсү болууга тыюу салган талаштуу мыйзамды кабыл алды. Мындан тышкары, жаңы мыйзам боюнча жергиликтүү ЖМКларды чет өлкөдөн каржылоого чектөө коюлат.

Журналисттер жана укук коргоочулар бул мыйзамга каршы чыгышты.

2015-жылдын декабрынын ортосунда ЕККУнун ЖМК эркиндиги боюнча өкүлү Дунья Миятович Кыргызстандын бийлигин жарандык доо арыздар боюнча «өлчөөсүз ашыкча компенсация» колдонбогонго чакырганын билдирди.

Бул ЖМКда президент тууралуу сот тарабынан ар-намыска доо кетирүүчү деп табылган материалдарды жазганы үчүн ага компенсация иретинде эки миллион сом төлөп берүүгө тийиш болгон журналист Дайырбек Орунбековдун ишине тиешелүү.

Бирок 2016-жылдын августунда журналистке каршы соттун чечимин аткарбаганы үчүн кылмыш иши козголуп, ал ноябрда сотко өткөрүлгөн.

Жыныстык багыт жана гендердик өздүк

ЛГБТ өкүлдөрүнө Кыргызстандагы мамиле келишпес бойдон калууда, алар дискриминацияга жана акча тооруган учурларга кабылышат. Бул тартип бузулган учурлардын жазасыз калышы кеңири тараган көрүнүш бойдон турат.

Эксперттер КТРКнын түз эфиринде ЛГБТ темасы көтөрүлгөн соң бул берүүнү чагылдыруунун максатын түшүндүрүш үчүн 14-июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке Kloop.kg медиа-порталынын шеф-редактору Эльдияр Арыкбаев чакырылганын белгилешет.

КТРКнын башкы директору Илим Карыпбековго берүү эфирге чыкканы үчүн Байкоочу кеңеш расмий сөгүш жарыялаган.

Июнда Кыргызстан БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин жыныстык багытка жана гендердик өздүккө карата зомбулуктан жана дискриминациядан коргоо маселеси боюнча көз каранды эмес эксперттин мандатын түзүү тууралуу резолюциясына каршы добуш берген.

Мындан тышкары, 24-майда парламенттин укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөш комитети «салтта жок жыныс мамилелерине үгүттөөгө» тыюу салуу тууралуу мыйзам долбоорун экинчи окууга кайтарган. Парламент мыйзам долбоорун 15-октябрда колдогон.

ТЕМА БОЮНЧА: