«Боинг-747нин» кулашы: Өкмөт жабыркагандарга убактылуу турак-жай берди

«Боинг-747» жүк учагынын кулашынан жабыркагандар убактылуу турак-жай менен камсыздалып, Бишкектеги батирлерге мамлекеттин эсебинен жайгаштырылды.

Өкмөт учак кырсыгынан жабыркаган 11 үй-бүлөнү Бишкекте «бардык керектүү шарттары бар» убактылуу батирлерге жайгаштырды.

Турак-жай берилгенге чейин үйсүз калган 12 үй-бүлө «Семетей» мейманканасында жашап турган — жалпы 49 адам болсо, алардын ичинен 30у чоңдор, калгандары кичинекей балдар.

Учурда мейманканада бир үй-бүлө жашап жатат, анын үйү жарым-жартылай бузулгандыктан, кайра тургузулууда.

Жүк учагы «Манас» аэропортунун жанындагы Дача-СУ кыштагына 16-январь күнү эртең менен кулаган. Кырсыктын натыйжасында 38 адам набыт болгон. Каза болгондордун көпчүлүгүн жергиликтүү тургундар түзгөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, учактын кулашынан келтирилген чыгым 186,5 млн сомду түзгөн. ӨКМ талкаланган үйлөрдүн, автоунаалардын, тазалоо жана калыбына келтирүү, ошондой эле жабыр тарткандар үчүн жаңы үйлөрдү куруу иштеринин баасын эсептеп чыгышкан.

Учак 60тан ашык адам жашаган 26 үйдү кыйраткан. Иликтөө иштери аяктагандан кийин «Боинг-747ге» ээлик кылган компания жабыр тарткандарга компенсация төлөп бермекчи.

Иликтөөгө Кыргызстан, Түркия жана АКШ катышууда. Кыргызстан окуя болгон өлкө катары, Түркия авиакомпания катталган жана учак пайдаланылган өлкө, ал эми АКШ учак иштелип чыккан өлкө катары катышып жатат.


ТЕМА БОЮНЧА: