Сен суперсиң: Кыргызстандык Урмат Мырсаканов сынактын кийинки баскычына өттү

Орусиянын НТВ каналынын «Сен суперсиң! (Ты супер)» музыкалык долбооруна Кыргызстандан жалгыз катышып жаткан он эки жаштагы Урмат Мырсаканов сынактын кийинки баскычына өттү. Ыр сынагында балдар үйүндөгү жана асырап алган үй-бүлөлөрдө тарбияланган таланттуу балдар күч сынашат.

Урмат «Welcome to the show» ыры менен катышып, натыйжада калыстар тобунун төрт мүчөсүнүн үчү анын кийинки баскычка өтүүсүнө добуш беришти.

Биринчи болуп орусиялык ырчы Ёлка, андан кийин Маргарита Суханкина анан Виктор Дробыш баскан.

«Мен бул мульти кесипкөй баланын футболду, сууда сүзүүнү, стол теннисин, кинону, бийди жакшы көрөөрүн билем. Бул сынакка келүү ал үчүн чоң бонус. Бирок, менин оюмча, ал келечектеги кесибин тандай элек, ошондуктан мен баскан жокмун», — деген оюн айтты Урматка добуш бербеген калыстар тобунунун жалгыз мүчөсү Стас Пьеха.

Урмат Мырсаканов 5-класста окуйт жана Бишкектеги үй-бүлөлүк типтеги балдар үйүндө эжеси жана иниси менен жашайт.

«Сен суперсиң!» музыкалык долбоорунда балдар үйүндөгү, мектеп-интернаттарындагы жана асырап алган үй-бүлөлөрдөгү шыктуу балдар күч сынашат. Долбоорго Орусия, Абхазия, Азербайжан, Армения, Беларус, Грузия, Казакстан, Молдова, Эстония, Түштүк Осетия жана Кыргызстандан катышуучулар келгендиктен ал эл аралык деп эсептелет.

Урматка жана башка сынактын катышуучуларына музыкалык долбоордун колдонмосу же сайты аркылуу добуш берсе болот.


ТЕМА БОЮНЧА: