Караңгылатылган машине айдаган шаар депутатына штраф салынды

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Темирлан Токобеков кайгуул милициясына окуучулар үчүн ачык эшик күнүнө караңгылатылган «Мерседес» менен келип балдарга жол эрежелерин айтып бермекчи болгон. ЖМК окуяга көңүл бургандан кийин депутатка 2000 сом штраф салынып, караңгылаткычы алынды.

Кайгуул милиция башкармалыгынын басма сөз кызматы Kloop.kgге Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Токобековго автоунаасынын алдыңкы айнегин караңгылатканы үчүн 2000 сом штраф салынганын билдирди.

«Мен башка бирөөнүн машинеси менен иш боюнча бараткам. Мага кайгуул милициясынын башчысы чалып балдар менен жолугушууга келишимди өтүндү. Ошол жерден мага милиция кызматкерлери буйрук жазып беришти, мен ошол эле жерден караңгылаткычты сыйрып салдым. Жакында эреже бузганым үчүн штраф төлөйм», — деди Токобеков.

Депутат алдыңкы айнеги күңүрттөлгөн ак «Мерседес» менен мектеп окуучулары үчүн ачык эшик күнү өтүп жаткан Кайгуул милиция башкаралыгына келген.

Имараттын алдында аны караңгылаткычы үчүн инспектор токтоткон. «Заноза» басылмасынын журналисттери машинени тартып киришкен, бирок Токобеков аны токтотууну талап кылган.

Милициянын токтотмосуна айдап барып, ал пиджагынан депутаттын төш белгисин алып коюп, журналисттерге аны тартууга уруксат жок экенин, анткени ал УКМКнын тогузунчу бөлүмүнүн кызматкери экенин айткан.

Инспектор Токобековдон документтерин көрсөтүүнү талап кылган. Депутат Кайгуул милициясынын штаб башчысы Жакып Жумаевге телефон чалып, документин көрсөтпөй милиция имаратын көздөй басып кеткен.

«Занозаын» журналисти көп өтпөй депутатты токтоткон кайгуул милициясынын инспектору видеону алып салууну талап кылганын билдирген.

Депутат балдарга жол кыймыл эрежелерин айтып берген лекциядан кийин Токобеков күн нуруна аллергиясы бар экенин, ошондуктан автоунаасынын алдыңкы айнектери караңгылатылганын айткан.

Басылма депутат жакын арада дарыгерден маалымкат алып, мыйзамдуу негизде автоунаа айдоого убада бергенин жазат.

Токобеков өзү «Занозанын» журналисттеринин сөздөрүн төгүнгө чыгарууда, анын айтымында ал караңгылаткычка уруксат алганын айткан эмес.

«Мен күнгө аллергиям бар экенин айткам, бирок уруксат кагазын жасатаарымды айткан эмесмин. Анан УКМКданмын деп да айткан эмесмин», — деди ал Kloop.kg менен болгон маекте.

Өкмөттүн 2016-жылдын 30-июнунда чыккан токтомуна ылайык, төмөнкү автоунаалардын алдыңкы айнектерин караңгылатса болот:

  • Президенттин, премьер-министрдин, парламент спикеринин, Жогорку сот төрагасынын кызматтык автоунаалары;
  • УКМКнын тогузунчу бөлүмүнүн кызматтык автоунаалары;
  • Президентти, премьер-министрди, парламент спикерин, Жогорку сот төрагасын коштоп жүргөн автоунаалар;
  • Кыргыз инкассациясынын атайын транспорту;
  • Соттолгондорду же камактагыларды ташыган атайын автоунаалар.
Сүрөт: Видеодон скриншот/«Заноза»