Кыргыз балбандары Азиянын өспүрүмдөр чемпионатынан 9 медал утуп алышты

Кыргызстандын курамасы өспүрүмдөр арасындагы күрөш боюнча Азия чемпионатында тогуз: эки алтын, эки күмүш жана беш коло медалга ээ болду.

Тайчжун шаарында (Кытай Тайбэйи) өспүрүмдөр арасындагы күрөш боюнча Азия чемпионаты аяктады. Таймашка Кыргызстандан 17 спортчу барган.

Кыргыз спортчулары мекенине тогуз медал алып келе алышты. Анын ичинен экөө алтын, дагы экөө күмүш, калган төртү коло байге болуп саналат.

Кыздар арасындагы 67 кг салмак категориясында алтын медалды Мээрим Жуманазарова жеңип алган. Вьетнамдык, кытайлык жана монголиялык спортчуларды кулатып, финалдык беттешүүдө Жуманазарова өзбекстандык Бактыгүл Балтаниязованы утуп алган.

Дагы бир алтын медалды Кыргызстанга Акжол Махмудов алып келген. 74 кг салмак категориясында күч сынашкан Махмудов грек-рим күрөшү боюнча таймаштын финалында өзбекстандык Жалгасбай Бердимуратовду жеңип койгон.

Чемпионатта алтын медалга дагы эки кыргыз балбаны күч сынашкан. 84 кг салмак категориясында грек-рим күрөшү боюнча таймаштын финалында Калидин Асыкеев күмүш байгеге ээ болгон.

Дагы бир күмүш медалды Кыргызстанга Кантөрө Талантбек уулу алып келген. 96 кг салмак категориясында таймашкан кыргыз балбаны ирандык спортчудан утулуп калган.

Азия биринчилигиндеги коло байгени Анарбек Сыдыкбеков, Мансур Сыргак уулу, Тынар Шаршенбеков, Роман Ким жана Назира Марсбек кызы утуп алышкан.

Эдил Кадырбек уулу менен Айбике Артыкалы кызы 3-орун үчүн күч сынашып, бирок утулуп калышкан.

Өспүрүмдөр арасындагы күрөш боюнча Азия чемпионаты Тайчжун шаарында 16-майдан 18-майга чейин өткөн.

Сүрөт: UWW.