Крим төбөл Батукаев Чеченстандын түрмөсүнөн эркиндикке чыкты

Кыргыз крим төбөлү Азиз Батукаев Чеченстандын түрмөсүнөн формалдуу түрдө эркиндикке чыкканын «Преступная Россия (Кылмыштуу Орусия)» интернет-порталы билдирген. Буга чейин Орусиянын башкы прокурору кылмышкер Чеченстандын түрмөсүндө өз жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндөн кийин аны сентярбрдын аягында Кыргызстанга өткөрүп берүүнү убада кылган.

Батукаевди 2014-жылы Грозныйдын Ленин райондук соту ок атуучу куралды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сатып алуу, сактоо жана алып жүрүү үчүн үч жылга эркинен ажыраткан.

Бул Азиз Батукаев менен крим төбөл Аслан Македонскийдин сүрөтү 2017-жылдын апрелинде жарыяланган. Ал Грозныйдын көңүл ачуучу жайларынын биринде тартылып алынганы мүмкүн. Сүрөт: Прайм Крайм

«Преступная Россия» интернет басылмасынын журналисттери Батукаев абактардын биринде камалуучулардын катарында болгонуна карабастан, аны Чеченстандын ар кайсы аймактары менен Грозныйдын өзүндө эркиндикте жүргөнүн көрүшкөнүн жазышууда.

Жаза аткаруу мөөнөтү үстүбүздөгү жылдын сентябрынын соңунда аяктайт. Ушундан кийин аны Орусиянын башкы прокурорунун убадасына ылайык Кыргызстанга өткөрүп берүүлөрү керек.

Кылмыш төбөлүн өткөрүп берүүгө даяр экени жөнүндө Чайка Кыргызстандын башкы прокурору Индира Жолдубаева менен жолугушуу учурунда билдирген.

Бирок «Преступная Россия» басылмасы Батукаев Чеченстанда керек деп эсптейт.

«Эми анын жаза аткаруу мөөнөтү аягына чыккан соң, Чеченстандын бийлигининин Батукаевди Кыргызстанга өткөрүп бербөөгө эч кандай себептери жок калды. Аны куткаруу үчүн бул жолу эмнелерди ойлоп чыгышаарын убакыт көрсөтөт», — деп жазат сайттын авторлорунун бири.

Өзүн мыйзамдагы уурулардын тарыхынын мурасканасы деп эсептеген Прайм Краймдын маалыматына ылайык, бул сүрөт Азиз Батукаев 2013-жылы Кыргызстандын түрмөсүнөн бошотулган күнү тартылган.

Батукаев 2013-жылдын апрелинде Нарындын мамлекеттик соту тарабынан бошотулгандан кийин Кыргызстандан Чеченстанга учуп кеткен.

Анын боштондукка чыгышы өкмөттөгү жогорку кызматтагы аткаминерлердин кызматтан кетүүлөрүнө алып келген.

Батукаев 2006-жылы массалык башаламандыктарды уюштуруу, мыйзамсыз курал сактоо сыяктуу бир нече беренелер боюнча күнөөлүү деп табылып, түрмөдө 16 жылдык мөөнөтүнүн ичинен болгону жарымынан бир аз көбүрөөк убакыт өтөгөн.

Батукаев Нарын шаарындагы катаал режимдеги №24 абакта (№4 тергөө абагы) 2008-жылдан бери камакта болчу.

Аны бошотууга атайын түзулгөн медициналык комиссия жана катаал режимдеги № 24-колониянын дарыгери коюп берген «кандын күчөгөн лейкозу» аттуу дарт белгиси негиз болгон.

Сот өз чечиминде эгерде камактагы кишинин оорусу катуу экени аныкталса аны мөөнөтүнөн мурда бошотуууга жол берген Кылмыш-процессуалдык кодексинин 363-беренесине таянган.

Батукаев Кыргызстанда оорусуна байланыштуу түрмөдөн чыгып кете алган биринчи камактагы адам болуп калды.

Бул иш боюнча атайын түзүлгөн комиссиянын чыгарган жыйынтыгына ылайык, Батукаевдин бошотулушу мыйзамсыз деп таанылган.

Анда башкы прокуратура менен парламенттин мүчөлөрү өкмөттүн беш мүчөсүн, акыйкатчыны жана Нарын шаардык сотунун төрагасын жумуштан алууну сунушташкан.

Шамиль Атаханов

Жыйынтыгында коопсуздук боюнча вице-премьер Шамиль Атаханов менен акыйкатчы Турсунбек Акун кызматтарынан алынышкан. Кийинчерээк Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы Зарылбек Рысалиев өз каалоосу менен кызматынан кеткен.

Зарылбек Рысалиев

Батукаев массалык башаламандыктарды уюштуруу, мыйзамсыз курал сактоо сыяктуу бир нече беренелер боюнча Аламүдүн райондук соту тарабынан 16 жыл 8 айга эркинен ажыратылган.

Ошондой эле ал 2005-жылы Молдовановка айылындагы абакка барган депутат Тынычбек Акматбаев менен дагы бир нече чиновникти өлтүргөн деп күнөөлөнгөн.


ТЕМА БОЮНЧА: