Президенттик социал-демократтар партиясынын талапкери Сооронбай Жээнбеков КТРКдагы теледебаттарга келген жок. Анын өкүлү талапкердин келбегенин «тыгыз үгүт программасы» менен түшүндүрдү.

Дебаттардын акыркы күнү — экинчи турдун экинчи күнү — 12-октябрда КТРКнын түз эфиринде өттү. Жалпысынан эфирге төрт талапкер келди: Темир Сариев, Азимбек Бекназаров, Адахан Мадумаров жана Арсланбек Малиев. Жээнбековдун өкүлү анын дебатка келбегенин «үгүт иштеринин тыгыз» болуп жатканына байланыштуу деп түшүндүрдү.

Бул турдун өзгөчөлүгү каршы пикир билдирүүнүн жоктугунда болду. Негизинен талапкерлер өз программалары жөнүндө айтып жатышты. Бирок дайыма эмес — мисалы, Мадумаров Жээнбеков менен жолугушууну күткөн жана эфирдин башында аны кыйыр түрдө административдик ресурс колдонуу боюнча айыптап, анын дарегине өз сын пикирлерин айтып чабуул жасады.

«Мен кайра кайталайм: [Коррупция жана добуштарды сатып алуу] менен болгон күрөштө каалоо болушу керек. Эгерде коомдук тармактарды ачып көрсөк, талапкерлер каякта жана эмне кылып жүргөнүн байкоого болот. Эмне үчүн биз бийликтин өкүлдөрү элдерди стадионго түртүп киргизип жана аларды бийликтин талапкери келгиче кайтарып турган учурларды көрбөйбүз?» — деп суроо салып нааразы болду Мадумаров.

Дебаттык эфир суроолорго жараша бир нече секцияларга бөлүнгөн.

Талкуунун биринчи темасы коррупция менен күрөш болду.

Талапкерлер маселени чечүү жолдорун сунушташканы менен аябай деле өзгөчө айрымалана алышкан жок. Бекназаров «катуу чараларды көрүүнү» сунуштады, Сариев иштеген мыйзамдар үчүн чыкты, ал эми Мадумаров коррупция менен күрөштүн эффективдүүлүгү каалоого гана көз каранды деди. Малиев болсо шайлоону «мыйзамдуу добуш сатып алуу» деп атады.  

Секция Сариевдин парламенттик шайлоо системасына карата айткан дооматы менен эсте калды. Талапкер мыйзам чыгаруу органына «билимсиз адамдар» келип жатканына көңүл бурду, анын айтымында, мамлекеттик кызматтарга талапкерлер тест менен сынак тапшыруулары керек.

Кийинки тема соттордун арасындагы коррупцияга арналды. Анда талапкерлер соттордун айлык маяналарын көтөрүү керек деген пикирди колдошту. Ошондой эле, Малиев менен Сариевдин талашы эсте калаарлык болду, анткени Малиев сотторду эл тандашы керек десе экинчиси сотторду тандоо жана соттордун иш-аракеттерин көзөмөлдөө кеңеши түзүлүшү керек деп көшөрүп турду.

Башкаруу формасын талкуулоодо Малиев менен Бекназаров курултай институтун киргизүүнү сунушташты. Алардын оюнча, жогорку кызматтагы аткаминерлер курултай аркылуу элге отчет бергенге мажбур болуп калышат. Бул маселеде Мадумаровдун көз карашы бир орундуу болду — ал өлкөгө президенттик башкаруу формасын киргизүү зарыл экенин билдирди. Ал эми Сариев болсо кептин бардыгы парламентте деп, ишкерлик менен саясатты ажыратууга чакырды — «сен ишкерсиң, же саясатчысың» дейт ал.

Жумушсуздук. Бул маселеде Сариевдин көз карашы кыйла түзүлүштүү болду — мурдагы премьер-министр ишкерликти өнүктүрүп, инвестиция тартууну сунуштады. Ал эми Малиевдин оюнча, технологияны өнүктүрүү керек. Мадумаров «жолдорду эмес фабрикаларды курууну» сунуштады, анткени жолдун курулушунан каражаттар уурдалат. Бекназаровдун бийлдиргенине ылайык, парламент 2010- 2015-жылдары жумушсуздуктун санын азайтууну убада кылган, бирок азыркыга чейин аталган убадалар боюнча отчет берген жок.

Коопсуздук жана тышкы саясат боюнча темасында талапкерлердин көз караштары экиге бөлүнүп кетти. Бекназаров менен Малиев Кыргызстан өзүн-өзү коргошу керек дешсе, Сариев менен Мадумаров коопсуздук маселелери эл аралык уюмдар жана союздаш өлкөлөр менен биргеликте чечилет деп айтышты.

Акыркы суроо хижапка тыюу салуу жөнүндө болду. Дээрлик бардык талапкерлер президент Алмазбек Атамбаевдин дин менен маданиятты алмаштырбоо керек экени жөнүндө айткан чакырыгын кайталашты. Мадумаров хижапка тыюу салуунун ордуна жарандарды мектептен баштап дин маселелерине окутуу керек экенин кошумчалады.

Авторлоштору: Айзирек Иманалиева, Сезим Каныбекова, Азамат Каработоев, Алмир Алмамбетов, Марат Абдыкалыков жана Субанбек Ташбалтаев.