Орусия: Ксения Собчак президенттикке талапкерлигин чыгарат

Теле алып баруучу Ксения Собчак 2018-жылы өтө турган президенттик шайлоого талапкерлигин коёт.

Бул туурасында алып баруучу «Собчак барына каршы» деген сайттагы видеодо билдирди.

«Мен 36 жаштамын жана президенттикке талапкерлигимди чыгарууну чечтим. Мен бул укук менен адатынча колдонуп жаткандардын бардыгына каршымын», — дейт Собчак.

«Өзүмдүн президенттикк шайлоого катышуум менен мен [бардыгына каршы деген тилкени] кайтаргым келет. Ксения Собчак сиздин бюллетенде — бул "Бардыгына каршы" деген тилке болуп калат. Эгерде сиздер көп жылдан бери тизмектеги Зюганов, Явлинский, Путин жана алардын ордуна ойногон орунбасарларына каршысызбы? Собчакты белгилегиле?», — деп билдирди ал.

Собчактын шайлоо алдындагы кампаниясына мамлекеттин өнөр жайларга көзөмөлүн жана «Яровойдун пакетин» кайтаруу кирет, ага ылайык интернет тармактарынын колдоонучуларынын бардык маалыматтары атайын кызматтарга жеткиликтүү.

Ошондой эле, Собчак сотторду көзкарандысыз кылып, мамлекеттин ЖМКларга болгон таасирин чектөөнү каалайт.

«Сот тутумунун чыныгы көзкарандысыздыгын камсыздай турган чыныгы соттук реформа жүргүзүлүшү керек. Мамлекет пропаганданын куралдарын колдоонууну токтотушу керек», — деп билдирди ал.

Алып баруучу диний уюмдарды бюджеттик акчалардан ажыратып, бардык кодулоочу мыйзамдарды жокко чыгаргысы келет.

«Диний институттар менен ишмерлер мамлекеттик бюджеттен каржыланбашы керек. Элдерди жынысы, сексуалдык багыты боюнча чектеген бардык мыйзамдар кайтарылышы керек», — деп билдирди ал.

Оппозициянын ичиндеги талаштар

Учурда Собчак өзүнүн штабын түзүп, кол чогултуулар менен алектенүүдө.

Үстүбүздөгү жылдын сентябрында «Ведомости» басылмасы билдиргендей, Кремль шайлоодо Путинге атаандаштык жаратуу үчүн Собчактын талапкерлигин «таймашуу-өнөктөшү» катары карап жатат.

Ал эми Собчак өзү коомдук тармактарда анын талапкериги президенттин алминистрациясына тиешеси жок экенин билдирген.

Саясатчы Алексей Навальный теле алып баруучу бул ойдон кайтат деген үмүттө Собчакты «карикатуралык либерал талапкер» деп атады.

Собчак саясатчыны көсөмчүлүккө жана оппозициячылык монополияны ээлөө каалоосуна айыптады.

Ксения Собчак — орусиялык теле-радио алып баруучу, Санкт-Петербургдун мурдагы мэри Анатолий Собчактын кызы жана «Дом 2» реелити-шоусунда атактуу. Ал бир нече жолу «Бирдиктүү Орусия» партиясына каршы оппозициячылык кыймылдарга катышкан.