Билим берүү министрлиги окуу жайларда европалык баалоо системасына өтүүнү сунуштады

Билим берүү министрлиги Кыргызстандын жогорку окуу жайларындагы студенттерди баалоо системасын өзгөртүп, кызыл дипломдордон баш тартууну каалап жатат.

Аталган министрлик жогорку окуу жайлардагы баалоо системасын өзгөртүүнү 9-ноябрда сунуштап, токтомдун долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Планга ылайык, министрлик билим берүүгө сандык, тамгалык жана баллдык баалоо системасын киргизмекчи.

Бул мындай болуп көрүнмөкчү:

Эгерде студент «D» баасын алса, анда ал сабакты жайкы семестр учурунда кайталап окуп чыккандан соң кайра тапшыра алат. Студент «F» баасын алган учурда, ал сабакты кайра толугу менен окуп чыккандан соң кийинки семестрде окуунун акысын төлөп тапшыра алат.

«Студенттердин жетишкендиктерин баалоого сандык, тамгалык жана баллдык системасын киргизүүгө байланыштуу кызыл дипломдорду берүү токтотулду», — деп айтылат негиздеме маалым катында.

Министрлик кредит системасын колдонуу менен студенттерди кийинки курска которуу системасын өзгөртүүнү сунуштоодо. Эми студент эгерде сынактарды тапшырып, 60 зачеттук бирдикти (кредитти) топтосо бир курстан кийинки курска өтө алат. 45 кредиттен азыраак бирдик топтогон студенттер окуудан четтетилишет же аларды жеке арыз боюнча кайталоо курсуна калтырышат.

Ал эми 60дан аз кредит же 45тен көбүрөөк топтогондор окуу жайдын ректорунун уруксаты менен кийинки курска которулушу мүмкүн, бирок аларга тапшырылган сабактарды кайрадан окуп чыгууга туура келет.

Студент кайра тапшырууга туура келген сабактардын акысын окуу формасына карабастан (контракт же бюджет) төлөшү керек болот. Эгерде окуучу сынакты кайра окуган сабагынан тапшырбаса аны окуудан четтетишет.


ТЕМА БОЮНЧА: