Кайрат Кыргыз: Жаңы образды жаратканга чейин эле эл оозуна алынгам

Интернетте «Жаштык кез» ыры менен талкууга жем таштаган ырчы Кайрат Кыргыз жаңы образын элге таанымал болуу үчүн жаратпаганын айтат. Фольклор менен эстрада жанрларын айкалыштырууга аракет жасаган ырчы «Клооптун» студиясында түз эфирде маек курду.

Ток-шоуну толугу менен видеодон көрсөңүз болот. Төмөндө кыскартылган маекти сунуш кылабыз.

«Клооп»: Чыгармачыл инсандар калың журтка кандайдыр бир идеяны жеткирүүгө аракет кылат эмеспи. «Жаштык кез» клиби менен эмнени айткыңыз келди?

Кайрат Кыгыз: Өзүңүздөр байкагандай, бул ырдын сөздөрү эски, ал эми обону Эркин Мээркановго таандык. Бул анын жаңыча иштеп чыккан варианты. Жаш муун ыр тандаганды да билбейт, сөздөрүнө да көңүл бурбайт. Акындарга барбай туруп, уйкаш келсе эле ырдап чыгып жатышат. Ошолорду жакшы жакка үндөп кетүүнү кааладым. Ырдын мааниси терең, обону жакшы. Алдыга умтулуу сезими жана жашоонун керемети ушул ырда жатат.

«Клооп»: Бул чыгармаңызды жактыргандар да болду, арасында кескин сынга алгандар да бар. Сын-пикирлерди кандай кабыл аласыз?

Кайрат Кыргыз: Мени жакшы билгендер, ырларымды угуп жүргөндөр тескерисинче клип жакшы чыгыптыр дешти. Искусство жаатындагы адамдарга бул өзүнчө жаңылык болду. Эми алар да жакшы бир идеялардын үстүндө иштей баштайт. Азыркы клиптердин баары окшош болуп калды. Ал эми сын-пикирлерди ар ким өз деңгээлине жараша жазат. Түзүк адам болсо, начар сын-пикир жазбай, тескерисинче колдойт.

«Клооп»: Буга чейин фольклор жанрында аткарып жүргөнсүз, эстарада ырларын аткарууга, имиджиңизди өзгөртүүгө эмне түрткү болду?

Кайрат Кыргыз: Биз деген чыгармачыл кишилербиз да. Ырчылардын бардыгы бир калыпта жүрбөй, түрдүү чыгармаларды жаратып турушу керек. Бул менин жетинчи клибим. Ар бир клибим ар башка. Фольклор жанрында сахнага улуттук костюмдар менен, ар түрдүү макияж жасап чыккам. Мында заманбап стилде аткарып, жаштарга кызыктуу болсун дедим. Бул менин 4-5 жылга пландалган имиджим.

«Клооп»: Ырчылар элге дагы да таанымал болуу үчүн жаңы образдын үстүнөн иштешет эмеспи. Сиз кандай кылдыңыз?

Кайрат Кыргыз: Мен таанымал болуш үчүн жаңы образ жараткан жерим жок. Таанымал болууга умтулган адам эмесмин. Мен буга чейин эле таанымал болчумун. Жакшы ырчы өзүнөн-өзү эле элдин оозуна алынат. Мени буга чейин эле канчалаган концерттерге чакырышса, азыр деле ошондой.

Алып баруучулар: Айсулуу Эркинбекова, Найзабек Мукамбетов