Сот НТС телеканалынын мүлкүн камакка алууну токтом кылды

Бишкектин райондор аралык соту “Grexton Capital Ltd” компаниясынын айынан НТС телеканалынын мүлкүн камакка алууну токтом кылды. Телеканалдын оппозициячыл депутат Өмүрбек Бабанов менен байланыштыгы бар.

Маалымат саат 21:35де жаңыртылды.

Сот аткаруучулары НТС телеканалынын имаратына 19-декабрда кечки саат бештен кийин келишкен. Алар телеканалдын кызматкерлерине Бишкек райондор аралык соттун компаниянын кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрүн камакка алуу тууралуу түшүндүрмөсүн көрсөтүшкөн.

Сот мындай чечимди “Grexton Capital Ltd” компаниясынын мурда телеканалга ээлик кылган «Аянт» компаниясына карата берген арызынын негизинде кабыл алды.

НТС каналынын башкы директору Жайнак Үсөн уулу телеканалды камакка алууну «сөз эркиндигине кысым» деп атады.

«Биздин кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрүбүздүн бардыгын, жада калса радиотолкунду камакка алуу чечими чыккан. Бул сөз эркиндигине карата жасалган кысым. Сот күндүзү чечим кабыл алып, бир нече сааттардан кийин эле мүлктү камакка алууну башташты. Биз эртеңки күндүн күндүзгү саат 11:00не чейин жылдырууну сурануу арызын жаздык», — деди ал.

Үсөн уулунун айтымында, камакка алуу Бабановдун ишмердигине байланыштуу эмес.

«Мен Бабанов менен байланышкан жокмун жана бул нерсени анын ишмердиги менен байланыштыруу эртелик кылат деп эсептейм. Буга чейин биздин телеканалга кандайдыр бир дооматтар бар экенин билген эмеспиз. Бул кысымдан башка эч нерсе эмес», — деди ал.

Үсөн уулу соттун бул чечимин НТС телеканалынын курамына кирген «Санжыра» радиосунун обого чыгуу лицензиясын токтотуу чечимине байланыштуу деди.

Телеканалдын юристи соттун чечимине ылайык, НТС каналына маалымат чагылдырууга мүмкүн болгон бардык мүлктөрдү жана жабдыктарды колдонууга тыюу салынганын айтты.

«Бул иш боюнча НТС жоопкер тарап катары эмес үчүнчү тарап катары өтүүдө. Бул жерде тыянак кылса болот: телерадиокомпанияга обого чыгууга тыюу салышууда. Бул жерде биз юридикалык жактан жоопкерлер менен эч кандай байланыш эмеспиз», — деп билдирди ал.

«Республика — Ата-Журт» парламенттик фракциясынын депутаты Алтына Өмүрбекова НТС менен болгон окуяны «рейдерлик басып алуу» деп атады.

«Бул иште космос сымал ылдамдык таң калтырууда. Бүгүн биз массалык маалымат каражаттарына каршы тандалма мамилени көрүп жатабыз. Эгерде биз сөз эркиндиги бар өлкө деп эсептелсек, анда биз буга көңүл бурушубуз керек. НТС белгилүү жана ийгиликтүү телеканал болуп эсептелет. Бул жерде саясий себеп жокко чыгырылган жок. Так айтканда, НТС телеканалын рейдерлик жол менен басып алуу аракети», — деди ал.

Бабановдун кеңешчиси Мирсулжан Намазалиевдин айтымында, “Grexton Capital Ltd” компаниясы Кыргызстандын кулатылган президенти Курманбек Бакиевдин баласы Максим Бакиев менен байланыштуу.

«Кантип жок эле компаниянын пайдасы үчүн соттук чечим кабыл алынсын? Ошол эле кезде арыз берген компания Максим Бакиев менен байланыштуу болуп турса. НТС — бул мамлекеттик эмес телекомпания, бул жеке компания жана өзүнүн көз карашы бар, тагыраак айтканда аны тартып алуу пайдалуу. Бул саясий рейдерлик басып алуу», — деди ал.

«Grexton Capital Ltd» компаниясынын өкүлү Елена Дзимидович телеканалга карата эмне үчүн арыз берилгенин айтуудан баш тартты.

«Учурда мүлктү каттоо жүрүүдө, бул обого чыгууга тоскоол болбойт. Сот аткаруучулар өз жумуштарын аткарышып, бардык мүлктү толугу менен катташышат, андан соң жумуш улана берет. Ошондуктан обого чыгуу токтотулат деп айтуу чуу жаратуу үчүн телеканалдын кызматкерлеринин демилгелери. Биз мүлктү каттап жатабыз, анткени мыйзам боюнча ушундай кылуу шартталган», — деди ал.

Сот аткаруучулары телеканалдын мүлкүн каттоого алууну 20-декабрда эртең мененки саат 11де башташат.

 

НТС телеканалы президенттик шайлоодо бийликчил Сооронбай Жээнбековдон утулган, оппозициячыл депутат Өмүрбек Бабанов менен байланыштуу.

Учурда Бабановго каршы Ош шаарындагы «Амир-Тимур» (мурдагы Он Адыр) кичи районунда үгүт кампаниясынын учурунда «улуттар аралык кастыкты козуткан чакырыктар» үчүн кылмыш иши ачылган.

Прокуратура анын айткандары «улуттук аралык кастыкты козутууга, адамдарды баш ийбөө чагымына жана учурдагы бийликти кулатууга» багытталган деп эсептейт.

Шайлоодон кийин Бабанов дарыланууга Москвага жөнөп кеткен. Учурда ал Кыргызстанга келгенби же жокпу белгисиз.

Авторлоштору: Айдай Эркебаева, Рустам Халимов.