Видео: Бишкекте жөө кыядан машина сүзгөн кыз ооруканада

ЖЭБдин аймагында жөө кыядан өтүп бара жаткан кызды «Тойота Виндом» үлгүсүндөгү машина сүзүп кеткен. Жабыркаган кыздын баш мээси чайкалып, ооруканага жаткырылган.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын басма сөз катчысы Медер Шабданов «Клооптун» кабарчысына курган маегинде билдиргендей, жол кырсыгы Чүй проспектисиндеги ЖЭБдин аймагында болжолдуу саат 14:00дө болгон.

Шабдановдун айтымында, машина сүзгөн кыз Бишкектин илимий-изилдөө борборунун травмотология бөлүмүнө жеткирилген. «Анын баш мээси абдан чайкалып, олуттуу жаракаттарды алган», — деди ал.

Айдоочу кармалды. Ал 22 жашар эркек киши, окуя болгон учурда соо абалда болгон.

«Жол кырсыгы фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Машина айып унаа токтотуучу жайга жеткирилди. Иш боюнча бардык материалдар тергөө кызматына өткөрүлдү», — деп билдирди Шабданов.