Эл аралык эксперттер Саламаттык сактоо министрлигине белек кылынган тез жардам унааларын текшеришет

Немис өнүктүрүү банкы 15 тез жардам унаасынын жабдуусун жана техникалык абалын текшере турган эксперттердин тобун түзөт. Февраль айында Саламаттык сактоо министрлиги автоунааларды «кемтиктеринен» улам азырынча балансына кабыл ала албасын билдирген.

Саламаттык сактоо министрлигинин консультанты Елена Баялинова «Клооптун» кабарчысына билдиргендей, чакырылган эксперттер тез жардам унааларын министрликтин стандарттарына жараша кантип кайра жабдуулоого мүмкүн экенин изилдешет.

«Алар бул машиналарды жергиликтүү шарттарда талап кылынган стандарттар боюнча кайра жабдуулоо мүмкүнбү же жокпу текшеришет. Эгерде болбосо, аларды кайра камсыздоочуга жөнөтүшөт», — деди Баялинова.

Ал кошумчалагандай, азыр Саламаттык сактоо министрлиги белек кылынган 15 тез жардам унаасынын ичинен экөөсүн гана кабыл ала алат. Калган 13 машинаны Немис өнүктүрүү банкынын талабы боюнча эл аралык адистер текшеришет.

Мындан тышкары, Баялинова машиналарды жеткирүү боюнча кечигүүлөрдүн айынан камсыздоочу компанияга штраф салынаарын билдирди. Учурда штраф 100 миң еврону түзөт, бирок министрлик аны 300 миң еврого чейин көтөрүүнү талап кылууда.

Немис өнүктүрүү банкынын өкүлдөрүнүн айтымында, камсыздоочу компания эреже бузуусуз тандалып алынган, бирок кемтиктер машиналарды жеткирүүдө пайда болгон.

Баялинова эгерде Саламаттык сактоо министрлиги компания менен келишимди үзө турган болсо, анда акчаны кайтарып, жаңы тендер өткөрүүгө бери эле дегенде дагы бир жыл убакыт керектелип калаарын айтты.

Саламаттык сактоо министрлиги 14-февралда Немис өнүктүрүү банкы белек кылган машиналарды кабыл албасын билдирген, анткени аларда «кемтиктер» табылган.

Машиналарды текшерүү учурунда министрликтин адистери айрым машиналарда керектүү медициналык жабдыктар болбогонун, ал эми алардын бийиктиги талаптарга жооп бербестигин аныкташкан. Саламаттык сактоо министрлиги бул тез жардам көрсөтүүнүн сапатына таасир этиши мүмкүн деп чечим чыгарган.

Белекке берилген машиналардын жалпы баасы 1,18 млн еврону түзгөн. Кыргызстанга тез жардам унаалары «Ыкчам медицина» долбоору боюнча берилген. Аларды Кыргызстанга 2017-жылдын июлунда эле жеткирип берүүлөрү керек болгон, бирок министрлик аларды жарым жылдан соң гана алган.


ТЕМА БОЮНЧА: