Суракматов Бишкек мэрлигине келсе эмнелерди жасайт? Кыскача

Мэрликке талапкер Азиз Суракматов. Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек мэрлигине жалгыз талапкер болгон Азиз Суракматов алгачкы жолу шаардык кеңештин депутаттарына өзүнүн кыскача программасын сунуштады.

Кыскача айта кетсек, болочокто Бишкектин мэри болуп калышы ыктымал Суракматов жолдорду оңдоп-түзөө иштерин бүтүрүү, жаңы бак-дарактарды отургузуу жана маршруттук такси көйгөйүн чечээрин айткан.

Суракматов 2-августта «Республика — Ата-Журт» фрациясынын депутаттарынын алдында чыгып сүйлөдү. Жолугушууда Бишкек шаарынын мэрлик кызматына шайланып калышы ыктымал калаа башчысы төмөндөгү көйгөйлөрдү чечүүгө аракет кылаарын билдирди:

  • Бишкектин жолдорун оңдоп-түзөө иштерин бүтүрүү
  • Эл ташуучу унаалар көйгөйүн чечүү
  • Жаңы 35-50 миң бак-даракты отургузуу
  • Магистраль жолдорду жарыктандыруу жана шаар четин көрктөндүрүү
  • Кыргыз тилиндеги окуу куралдарынын жетишсиздигин жоюу
  • Шаардык поликлиникаларды техника менен жабдуу
  • Бири-бирине окшош шаардык структураларды кыскартуу

Бишкек шаарынын мэрин шайлоо 8-августта өтөт. Азыркы убакка чейин Суракматов Бишкек шаардык кеңешиндеги коалициялык көпчүлүк тарабынан бир добуштан колдоо алган.

Суракматов мэрликке көрсөтүлгөн соң бир канча күндөн кийин шаардагы курулуш иштерине тиешеси болгондугуна байланыштуу кээ бир жарандык активисттер анын объективдүү иш алып бараарынан күмөн санашкан. Анын эжеси Гүлбара Суракматованын «Елизавета», «Столица Строй», «Самолёт» жана «Юрист Риэлт Строй» аттуу төрт курулуш ишканасы бар.

«Елизавета» курулуш компаниясынын башчысы Нуржан Тынымсеитова КСДП партиясынын атынан Бишкек шаардык кеңешинде депутаттык кызматты ээлейт. Ошондой эле, Тынымсеитова Суракматовдордун башка ишканаларын да башкарган же башкарып келет. Алар: «Слон» юридикалык агенттиги жана «Sphere KG» компаниясы.

«Елизавета» ишканасы Бишкек шаарында бир канча көп кабаттуу үйлөрдү жана бизнес борборлорду курган. Ал эми азыркы тапта «Поларис Плюс» турак жайын салууда.

Кийинчерээк Суракматов эгер мэрлик кызматка келип калса, кызыкчылыктардын кагылышуусуна жол бербөөнү ойлонуштураарын билдирген.