50гө жакын прокуратура кызматкери «жумушта кетирген каталары» үчүн жазаланды

Кыргызстандын Башкы прокурору Өткүрбек Жамшитов

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов прокуратуранын 49 кызматкерин жоопко тартып, алардын жарымы кызмат ордунан төмөндөтүлгөн.

Прокуратура кызматкерлерине карата жаза Башкы прокуратуратуранын коллегиясынын жыйынтыгы боюнча колдонулган. Анда прокуратура кызматкерлеринин 2018-жылдын биринчи жарымында аткарган ишинин натыйжалуулугу изилденген.

Жазанын расмий түшүндүрмөсү төмөнкүдөй: «жумушта кетирген олуттуу каталар» жана «Коопсуздук кеңештин чечимдерин тийиштүү деңгээлде аткарбагандык».

Прокуратура кызматкерлери кандай жаза алышкан?

• 12 адам кызмат ордунан төмөндөтүлгөн;

• 9 адам кызмат ордуна толугу менен төп келбегендиги тууралуу эскертүү алган;

• 9 кызматкерге катуу сөгүш жарыяланган;

• 8 кызматкер сөгүш алган;

• 11 кызматкер эскертүү алган.

Жамшитов башкы прокурор кызматында иштегенден бери кызматкерлерди биринчи жолу олуттуу жоопкерчиликке тартууда. Жамшитов башкы прокуратурага 26-апрелде экс-президент дайындаган Индира Жолдубаеванын ордуна келген.

Башында президент Сороонбай Жээнбеков турган Коопсуздук Кеңеш февралда коррупцияга каршы аёсуз күрөш жарыялаган. Бул отурумда президент дээрлик бардык күч жана көзөмөл органдарынын натыйжасыз иш үчүн сынга алган.

Жээнбеков анда Башкы прокуратураны коррупция менен жарытаарлык күрөшпөгөндүгү үчүн айыптаган. Себеби мамлекеттик органдар өздөрүнүн ишин макулдашышпайт.

Ал 2016-жылга карата статистиканы мисал келтирген. Анын айтымында, прокуратура сегиз миңден ашуун текшерүү жүргүзүп, анын 8 пайызы боюнча гана кылмыш ишин козгогон.