Бишкек мэринин айдоочусуна толугу менен караңгылатылган машина үчүн штраф салынды

Тонировканы чече электеги Суракматовдун машинасы. Сүрөт: «АКИпресс»

Коомдук тармактардын колдонуучулары Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов тыюуга карабастан толугу менен караңгылатылган «Лексус» үлгүсүндөгү автоунаа менен жүргөнүн байкап калышкан. Ал бир нече саат өткөн соң өз машинасындагы тонировканы сыйрыган.

30-августта коомдук түйүндөрдө мэриянын алдында ак түстөгү «Лексустун» токтоп турган сүрөтү пайда болгон. Кийинчерээк бул машина жакында эле шайланган мэр Азиз Суракматовго таандык экени белгилүү болгон. Машинанын толугу менен караңгылатылгандыгы коомдук трамактардын колдонуучуларынын көңүлүн бурган. Кыргызстанда машинаны толугу менен караңгылатууга тыюу 2016-жылы эле күчүнө кирген.

Суракматов өзү АКИпресс басылмасына маалымдагандай, машинанын караңгылатылгандыгын айдоочу менен жүргөндүгү үчүн байкаган эмес.

Бир нече сааттан кийин жол инспекциясынан Суракматовдун машинасынан тонировка алынып салынганын «Клооптун» кабарчысына маалымдашты.

Тонировкасы алынып салынган Азиза Суракматовдун «Лексусу»

«Машинадагы тонировка толугу менен алынып, айдоочу административдик жоопкерчиликке тартылды», — деди Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын ага инспектору Атыр Бекмурзаева.

Административдик жоопкерчилик кодексине ылайык, айдоочуга 500 сом өлчөмүндө штраф салынган.

Бишкектин жаңы мэри

Азиз Суракматов 14-августта мэр болуп шайланган. Ал бул кызматка жалгыз талапкер болуп көрсөтүлүп, кээ бир активисттердин сын-пикирине карабастан аны шаардык кеңештин 43 депутаты колдогон.

Суракматов мурдагы президент Курманбек Бакиевдин учурунда парламенттин депутаты жана Бишкек шаардык кеңештин (БШК) төрагасы болуп иштеген. Андан сырткары, анын бир нече курулуш компаниясы менен байланышы бар.

Анын баласы менен эжеси курулушка тиешеси бар «Елизавета», «Столица Строй», «Самолёт» жана «Юрист Риэлт Строй» компанияларына ээлик кылышат.

Бул төрт ишкананын негизгиси «Елизавета» компаниясы Бишкекте бир нече көп кабаттуу үйлөрдү жана бизнес-борборлорду курган. Азыркы тапта ал дагы бир имараттын курулушун жүргүзүүдө.

Жарандык активисттер бул жерде кызыкчылыктардын кагылышуусун көрүп жатышат: шаардын мэри курулуш компаниялардын ээси болуп калууда.

Суракматов мэр болуп шайлангандан кийин, биринчи кезекте жол оңдоо иштерин текшерип, Бишкек шаарын тыгындардан арылтуу үчүн бул процессти сентябрь айына чейин тездетээрин айткан.