Ош облусунун прокурорунун өлүмү. Кесиптештери суицидге барганын айтса, туугандары жүрөгү кармап каза болду дешет

Ош облусунун прокуратурасы. Сүрөт: Дастан Үмөтбай уулу/Kloop/kg

Кара-Суу районунун Медресе айылында 10-сентябрь күнү өз үйүндө Ош облусунун прокурорунун орун басарынын сөөгү табылды.

Расмий маалымат боюнча, Төрө Кожошов өз өмүрүнө кол салган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы «Азаттык» үналгысына курган маегинде тастыктады.

«Биз ырастап гана бере алабыз. Учурда тергөө жүрүп жатат. Ошондуктан бул боюнча кеңири комментарий бере албайбыз», — деп билдиришти Башкы прокуратурадан.

Медресе айылынын тургуну Нурали Зулпукаров маркумдун денесин кароо учуруна катышкан. Ал «Клооптун» журналистерине Кожошовдун моюн жагы кызарып калганын байкаганын айтты. Зулпукаровдун айтымында, аталган так жиптен улам калган болушу ыктымал.

«Прокурор асынып өлүптүр да. Анын моюнунда кызыл болуп түшкөн жиптин тагы бар. Ээгин милициялар чечип көрдү. Жип кыйганы билинип турат. Милиция мени"кошунаңар асынып алыптыр" деп чакырып келди. Барсам жубайы ыйлап жаткан экен», — деди ал.

Маркум Төрө Кожошовдун үйү. Сүрөт: Элвира Акимова/Kloop.kg

Прокурордун досу Калил Ташиевдин айтуусунда, Кожошов бүгүн эрте менен өзүн жаман сезип жаткананын билдирген.

«Эрте менен кадимкидей эле айдоочусу келген экен. Кожошев айдоочусуна өзүн начар сезип жатканын айтып, "бара бер" деген. Анан бир заматта эле журөгү ооруп, аялы аны төшөккө жаткырыптыр. Ошо менен кете бериптир. Мен барганда жерге жаткырып коюшкан экен. Маркумдун бетин гана көрдүм, суициддин белгилерин байкаган жокмун», — деди Ташиев.

Маркумдун кошунасы Турат Төлөгөнөв, Кожошовду жогорку кызматты ээлеп келгенине карабастан «кичипейил адам» катары сыпаттады. «Кошунабыз айылга эки жыл мурун көчүп келген. Ал кошуналары менен жакшы карым-катнашта болгон», — деди ал.

Ош облустук прокуратурага жумушка орношоорго чейин Кожошов Жалал-Абад облусундагы Ноокен районунун прокурору болуп иштеген. Ош облусунун прокуратурасында жалпы көзөмөлдөө милдетин аткарып келген. Ал башка мамлекеттик органдар мыйзамдарды так аткарышына жооптуу болгон. Акыркы кызматына маркум 2015-жылы дайындалган.

Ташиевдин айтуусу боюнча, Кожошовдун туугандары соттук экспертизадан баш тартышкан. Маркумду жерге берүү зыйнаты 11-сентябрда өтөт. Анын артында жубайы менен алты баласы калды.