«Кабар-Инфо» гезити Сапар Исаковду «Газпромдун» кызыкчылыгын 10 миң долларга коргогон деп айыптады. Бирок баары аны четке кагууда

Кыргызстандын экс-премьер-министри Сапар Исаков. Архивдик сүрөт. Өкмөттүн басма сөз кызматы

Гезит мурдагы премьер-министрдин дарегине карата айыптарга далилдерди келтирген эмес, бирок тема кызуу талкууланып, маалыматты «Газпром» өзү четке кагууга мажбур болгон.

«Кабар-Инфо» макаласын 15-июлда эле жарыялаган, бирок анын мазмуну коомдук желеде соңку ай ичинде кызуу талкуулангандыктан, аны Исаковдун адвокаты жана «Газпромдун» басма сөз борбору четке кагып чыгышкан.

Гезит өз макаласында Исаков президенттик администрациянын жетекчисинин орун басары болуп турган кезде «Газпром Кыргызстан» компаниясынын директорлор кеңешине да мүчөлүк кылып, «алардын кызыкчылыктарын коргогон» деп жазган.

«Ал кызмат абалынан кыянат пайдаланып “Газпром Кыргызстандын” кызыкчылыктарын коргогон, ошол эле учурда компанияны салыктар менен алымдарды төгүүдөн бошоткон. Ошону менен [Исаков] мамлекетке эбегейсиз зыян келтирген», — деп жазган гезит.

«Кабар-Инфо» бул үчүн Исаков үч жыл ичинде ай сайын 10 миң доллардан алып турган деп ырастаган.

Гезит өз сөзүнө карата эч кандай документалдык далилдерди келтирбегенине карабастан тема коомдук тармактардын кыргыз сегментинде кызуу талкууланып, ал эми башка басылмалар менен эксперттер макалага шилтеме келтире башташкан. Мисалы, бул тууралуу юрист Кайрат Осмоналиев да «Дело №» гезитине курган маегинде айткан.

КСДП «Кабар-Инфонун» үстүнөн даттанды

Сапар Исаков кирген Кыргызстандын социал-демократиялык партиясы (КСДП) ЖМКга түшкөн даттанууларды териштирүү боюнча комиссияга кайрылып, «Кабар-Инфонун» макаласынын мазмунун журналисттик этикага жатаар-жатпасын изилдөөнү суранган.

Комиссия КСДПнын арызын кабыл алып, «Кабар-Инфонун» макаласы журналисттик стандартка туура келбейт деп чечкен.

«Материалда эч далилсиз жана негизсиз эле Исаков кылмыш иш жасаганы ыктымалдыгы жөнүндө ырастоолор бар. Ошондуктан, биздин көз карашыбыз боюнча, аталган макала цивилиязациялуу журналисттик коомдо кабыл алынган этикалык жоболорду бузат», — деп токтом чыгарган комиссия.

КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева гезит макала чыккандан бери эки ай өтсө да маалыматты төгүндөй электигин «Клоопко» айтып берди.

«Биз төгүндөө көрө элекпиз, алар кечирим да сураша элек. Ал эми комиссия бир ай мурда чечим чыгарган», — деди ал.

«Газпром Кыргызстан» ЖЧКнын филиалындагы көрнөк. Архивдик сүрөт. Өкмөттүн басма сөз кызматы

«Газпром» Исаков менен байланышты четке какты

«Газпром Кыргызстандын» басма сөз катчысы Асел Абыкеева Исаков эч качан компаниянын директорлор кеңешинде болбогонун «Клоопко» билдирди.

«Кыргыз Республикасынын бир дагы мамлекеттик, мыйзам чыгаруу же сот бийлигинин өкүлү компаниянын башкаруу органдарында жок жана болгон да эмес», — деп билдирген компания өзүнүн расмий билдирүүсүндө.

Мурдагы премьер-министрдин адвокаты Нурбек Токтакунов «Газпром Кыргызстан» сыяктуу эле Орусиянын «Газпром» корпорациялары менен байланыштуу башка «Газпромнефть-Аэро Кыргызстан» компаниясына кайрылган. Ал жактан юристке Исаков 2011-2015-жылдары директорлор кеңешинин курамында болгонун айтып, бирок бул үчүн маяна албаган деп жооп беришкен.

«Анын талапкерлигин коомдун катышуучусу, тагыраагы Маммүлк фонду тарабынан, мамлекеттин өкүлү көрсөткөн. Сапар Исаков компаниядагы жалпы кеңештин катышуучарынын чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөп, өкмөттүн кызыкчылыктарын сактаган», — деп айтылат «Газпромнефть-Аэро Кыргызстандын» билдирүүсүндө.

Исаковго каршы иш

Исаков премьер-министрлик кызматты 2017-жылдын августунан 2018-жылдын апрелине чейин аркалаган. Бул кызматка ал президент Алмазбек Атамбаевдин учурунда келген. Азыр Исаков Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңыртуу учурундагы коррупция иши боюнча айыптардан улам камакта.

Ал президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси болуп турган кезде ЖЭБди оңдоп-түзөө үчүн жалданмачыны тандоодо «чет элдик компаниянын кызыкчылыктарын сүрөмөлөгөн» делип айыпталууда.

Исаков өзүнө каршы ишти «таптакыр чектен чыгуу» деп атаган.

2018-жылы майда депутаттык комиссия Бишкек ЖЭБди 386 млн долларга жаңыртуунун баасы кымбаттатылган, ал эми бул жумуштарды аткарган Кытайдын компаниясы оңдоп-түзөөгө кеткен акчалар жөнүндө деталдуу отчёт берген эмес деген тыянак чыгарган.