Президенттин аппараты Зууракан Каденованын Кореядагы чуусу туурасында «маалыматты жашырып коюуну суранган»

Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султанов билдиргендей, президенттин аппараты соцөнүгүү министринин орун басары Зууракан Каденованын Сеул аэропортундагы жаңжалдан кийин каттамдан алынгандыгы тууралуу маалыматты таратпоону суранган.

Элчи өзүнүн күтүүсүз билдирүүсүн Бишкекте өткөн басма сөз жыйында айтты.

Анын айтымында, президенттик аппараттын кызматкерлери Кыргызстандын Түштүк Кореядагы дипломатиялык миссиясы менен байланышышып, соцөнүгүү министринин орун басары Каденова 22-сентябрда кантип Сеулдагы каттамдан алынып калганын айтпоону суранган.

Бир нече күбөлөрдүн айтымында, аткаминер Сеулдан Алматыга уча турган «Эйр Астана» авикомпаниясынын учагында «чатак чыгарган».

Султанов ырастагандай, Каденова мас абалда болгон, ал эми анын дипломатиялык паспортунунун айынан кыргыз элчисине аэропортко барууга туура келген.

«Биздин консул аэропортко барганда Зууракан Каденова эки полиция жана аба майдандын өкүлдөрү менен турган экен. Соцөнүгүү министринин орун басары бутунда араң туруп, алкоголдун жыты өтө эле сезилген. Анын кийими да булганыптыр, өзүн агрессивдүү көрсөткөн», — деп билдирди Султанов журналисттерге.

Каденова жөнүндө окуя прессага чыгып кеткенден кийин өкмөт аны соцөнүгүү министринин орун басарлык кызматынын бошоткон.

Президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева Кыргызстандын элчисинин айткандарын четке какты. Анын айтымы боюнча, президенттин аппараты Каденова жөнүндө окуяны өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековго билдирген, ал эми президент өз кезегинде Кыргызстандын ТИМинен «маалыматты териштирүүнү», ал эми премьер-министрден «чара көрүүнү» суранган.

Ал эми Каденова өзү учаар алдында алкогол ичимдигин ичпегенин жана аэропортто эч кандай ызы-чуу чыгарбаганын айтууда. Анын айтымында, ачкарын «корвалол жана валерьянка ичип алгандыктан» аэропортто өзүн начар сезип калган.

Ошентсе да ал өзүнүн кызматтан алынышын сотто даттанбасын билдирген.