ТИМ Кылычбек Султанды элчилик кызматтан алгысы келет

Кылычбек Султан

Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдиргендей, Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан соцөнүгүү министринин «мас» аткаминери Зууракан Каденованын Сеулдагы жоругу тууралуу журналисттерге айтып берип, дипкызмат жөнүндө мыйзамды бузган.

ТИМдегилер Султан өзүнүн басма сөз жыйыны менен «дипломатиялык этиканын элементардык эрежелерин» да бузган деп эсептешет.

Министрликтин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, мекемеде Кыргызстандын элчисинин башка ыктымал эреже бузуулары жөндө да маалымат бар.

«Эгерде алар [маалыматтар] тастыкталса тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилет. К.Султановдун мындай кадамдарга барышына жогоруда көрсөтүлгөн эреже бузуулар себеп болушу мүмкүн экендигин жокко чыгарбайбыз», — деп билдирген ТИМ өзүнүн пресс-релизинде.

Министрлик президент Сооронбай Жээнбековго Султанды элчилик кызматтан бошотууну сунуштаганы жатат.

Султан «24.kg» басылмасына ТИМдин реакциясы күтүлгөндөй эле болгонун кабарлады.

«Мамлекет башчысынан жооп күтөбүз. [...] Бирок мен бардык жарандарды коррупциялык схемалар жөнүндө ачык айтууга үндөгөн президент Сооронбай Жээнбеков өзү мени колдойт деп ишенем. Мен анын сунушун колдоп, биздин өлкөнүн тышкы саясий ведомствосунун мыйзам бузуулары жөнүндө ачык билдирдим», — деди Кыргызстандын элчиси.

«Учактагы жаңжал»

Султан басма сөз жыйынды Бишкекте 24-сентябрь күнү өткөргөн.

Анда президенттик аппараттын кызматкерлери Кыргызстандын Түштүк Кореядагы дипломатиялык миссиясы менен байланышышып, соцөнүгүү министринин орун басары Каденова 22-сентябрда кантип Сеулдагы каттамдан «жаңжал» үчүн алынып калганын айтпоону суранганы тууралуу күтүүсүз билдирүү жасаган.

Каденова катышкан окуя 22-сентябрда катталган. Күбөлөрдүн жана Кыргызстандын элчилигинин кызматкерлеринин көрсөтмөлөрү боюнча, ал Сеулдан Алматыга учаар алдында «Эйр Астана» авикомпаниясынын учагында чатак чыгарган.

Натыйжада учак бир жарым саатка кармалып, ал эми Каденова каттамдан алынган. Анын артынан аэропортко келген Кыргызстандын элчилигинин консулу Каденова мас абалында болгонун ырастаган.

Бул окуя прессага чыгып кеткенден кийин Каденова соцөнүгүү министринин орун басарлык кызматынын бошотулган.

Каденова өзү ошол күнү мас абалында жүргөнүн четке кагып, ачкарын валерьянка ичип алгандыктан өзүн начар сезип калганын айтууда. Ошол эле учурда мурдагы аткаминер кызматтан бошотулушун сотто даттанбасын билдирген.

Ал эми президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева президенттин аппараты Кыргызстандын Сеулдагы элчилигинен бул жөнүндө окуяны жаап-жашырып коюуну суранбаганын маалымдаган.