Ошто жатаканадан тургундарды чыгаруу бир аптага жылдырылды

Сот аткаруучулар Ош шаарындагы «Ак мөөр» жатаканасынын тургундарын 4-октябрда үйлөрүнөн чыгарууга аракеттеништи.

Ош шаардык сотунун өкүлү Иляс Ашыров «Клоопко» кабарлагандай, тургундар аларды имаратка жакын киргизбей койгонунан улам чыгаруу иши бир жумага жылдырылды.

Сот чечимине ылайык, тургундар жатакананы мыйзамсыз ээлеп алышкан, үйдүн мыйзамдуу ээси Убайдулла Бидинов болуп эсептелет.

Ал эми шаардык соттун басма сөз катчысы Бекзат Осмонкулов жатакананын тургундары дагы бир апта убакыт берүүнү суранышканын «Клоопко» билдирди.

«Үйдөн чыгаруу иши келе жаткан аптанын төртүнчү күнү, 11-октябрга жылдырылды. Бир жума убакыт беришти. Кандай болот дагы көрөбүз. Болбосо мажбурлоо жолу менен чыгарылат», — деди Осмонкулов.

Тургундарды жатаканадан чыгаруу аракетинен түз эфир:

Бирок талашка түшкөн төрт кабаттуу имараттын үй комитет башчысы Гүлипа Тойчиева бир жумадан кийин да үйлөрүн бошотуу ниети жок экенин айтты.

«Ушул жылдын 7-августунда сот аткаруучулар келип бизди “кууп чыгарууга” аракет кылышкан. Ошол күндөгү күч менен кууп чыгуу аракеттеринен соң алардын үстүнөн “мыйзам чегинде иш алып барбаганы үчүн” деген негизде Ош облустук сотуна кайрылганбыз. Бул иш боюнча сот 16-октябрга белгиленгенине карабай бизди 4-октябрда чыгарууга аракет кылышты. Кайсы учур болбосун үйлөрүбүздү бошотуу ниетибиз жок», — деди Тойчиева.

Эмне үчүн тургундар жатакананы бошотушу керек?

Ош шаарынын түндүк бөлүгүндө жайгашкан «Ак мөөр» жатаканасы мурдагы пахта чыгаруучу комбинаттын эс алуучу жайы болгон. Учурда анда 300дөй киши баш калкалап, өздөрүн «жолдомо менен кирип, жашап калганбыз» деп эсептешет. Алардын ичинде жатаканада 18 жылдан бери жашагандар бар.

«Ак-Мөөр» санаторий-профилакториясы 2008-жылы эки ирет ачык аукционго коюлуп, биринчисинде имаратты эч ким сатып алган эмес. Экинчи жолку сатыкта Убайдилла Бидинов аттуу жаран санаторийди 4 млн 639 миң 950 сомго сатып алган. Жашоочулар эки жолку аукционго катышпаганын «сот аткаруучулар тарабынан алданып калышканы» менен түшүндүрүшөт.

2010-жылы Ош шаардык соту тургундарды жатаканадан чыгарууну чечкен. Жогорку сот арадан жети жыл өткөн соң шаардык соттун чечимин күчүндө калтырган. Тапшырманы орундатуу үчүн Ош шаардык сот аткаруу кызматы андан бери жашоочуларды бир нече ирет үйдөн чыгаруу аракетин көрүп келет.

Редактору: Гүлжан Эшбаева