Ош: Индиялык студенттерди тоноого шектелген эки милиционер кармалды

Ош шаардык милициясынын маалыматына ылайык, 14-октябрда чет өлкөлүктөрдү тоноого шектелип Кайгуул кызматынын эки кызматкери кармалды.

Октябрь ичи калаада «өздөрүн милиция кызматкери деп тааныштырып», индиялык студенттердин акчасын тартып алган эки окуя катталган. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков «Клоопко» билдиргендей, биринчи окуя октябрдын башында катталып, 18 жаштагы чет өлкөлүк жаран үч миң сом акчасын алдырган.

«Өздөрүн “милиция кызматкерибиз” деп тааныштырган жашы 25-30дар чамасындагы атуулдар индиялык студентке келип, “ВАЗ-2107” үлгүсүндөгү автоунаасына олтурууну айтышкан. Бейтааныш адамдар чет өлкөлүк жаранды Салиева көчөсүнө алып барып, 3 миң сом өлчөмүндөгү акчасын тартып алышкан. Тонолгон студентти машинадан түшүрүп жиберишип, окуя болгон жерден изин жашырышкан», — деди Сыдыков.

Ушундай эле окуя 11-октябрда кечки саат тогуздарда катталган. Анда 25 жаштагы Индиянын жараны банкоматтан акча алып чыгып баратканда белгисиз эки киши токтотуп, өздөрүн милиция кызматкери деп тааныштырышкан. Андан соң алар студентти ошол эле үлгүдөгү унаага отургузушуп, 9 миң сомго жакын ачкасын тоноп кетишкен.

Маалыматка ылайык, индиялык жарандарды тоноого шектелип 14-октябрда Ош шаардык ИИБнин Кайгуул кызматынын 25 жаштагы эки кызматкери кармалган. Прокуратура 15-октябрь күнү шектүүлөргө каршы «кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу» беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду.

«Азыр кылмыш иши козголду. Эми тергөөнүн жыйынтыгы менен милиционерлердин ал окуяга канчалык деңгээлде тиешеси бар-жогу аныкталат», — деди Ош шаардык прокурорунун орун басары Куттубек Токтосунов.

Редактору: Элвира Акимова