ТИМди Чыңгыз Айдарбеков жетектемей болду

Чыңгыз Айдарбековдун талапкерлигин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев сунуштаган, ал эми парламенттин депутаттары аны бир добуштан колдоп беришти. Мурда Айдарбеков Жапониядагы кыргыз элчиси болгон.

Жапониядагы Кыргызстандын мурдагы элчиси Чыңгыз Айдарбеков Тышкы иштери министрлигин жетектейт. Анын талапкерлигин депутаттардын бардыгы колдошту.

Айдарбеков 1998-жылы Кыргызстандын эл аралык университетин аяктагандан соң,  кызмат жолун кыргыз ТИМнин КМШ башкармалыгында атташе кызматын алаары менен дароо эле баштаган. Бул башкармалыкта ал бөлүмдөрдүн биринин жетекчилик кызматына жетишип, 2008-жылга дейре иштеген.

Ал 2011-жылы президенттик аппаратта, ал эми 2012-жылдан тарта 2016-жылга чейин Жогорку Кеңештин аппаратында иштеген. Кийинчерээк 2016-жылы Кыргызстандын Жапониядагы элчилик кызматына дайындалган.

Чыңгыз Айдарбеков ТИМдин жетекчилигине ведомствону 2012-жылдан бери башкарган Эрлан Абдылдаевдин ордуна келди. Абдылдаев Коопсуздук кеңеш Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султандын ишмердиги текшерген соң отставкага кетүүгө аргасыз болгон. Коопсуздук кеңеш элчинин да, министрликтин өзүнүн да ишинде толтура эреже бузууларды тапкан.

Өз кезегинде ТИМ өзү Коопсуздук кеңештен Кылычбек Султанды текшерүүнү суранган, ал эми элчи Соцөнүгүү министринин орун басары Зууракан Каденова Сеул аэропортунда мас абалда аба каттамынан алынганын журналисттерге тастыктап берген.

Жыйынтыгында Каденованын окуясы жалпы Соцөнүгүү министрлигинин жетекчилеринин, Түштү Кореядагы элчинин жана ТИМдин башчысынын отставкасына алып келген.