Кыргызстандык ит уурдоо үчүн соттолду

Бишкектин Свердлов райондук соту Спайс аттуу итти уурдоо боюнча ишти карады. Аны 2018-жылы жайында уурдап кетишкен, ал эми милиция иттин жансыз тапкан.

Итти уурдоо боюнча ишти Бишкектин Сведлов райондук соту караган. Ал айыпталуучу Темирболот Сатыбалдиевди жабыркагандарга 35 миң сом компенсация төлөп берүүгө милдеттендирип, андан тышкары, ага үч жыл аралыгында Бишкектен чыгууга тыюу салган.

Иттин кожоюну Гуля Алмамбетова алардын пайдасына чыгарылган чечимди «сот системасына ишенимди кайтаруу» деп атаган.

«Эч кимди жана эч нерсени уурдабаш керек. Токтоосуз жаза көрүлүшү талап. Мен ар бир кыргызстандыкка өз укугуңар жана чындыгыңар үчүн күрөшкүлө деп кайрылаар элем», — деди ал «Клооптун» кабарчысына.

Спайстын жоголушу

Курцхаар породасындагы Спайс Усуповдордун үй-бүлөсүнө таандык ит болчу. Аны алар алты жыл мурда эки айлык күчүк кезинде үч жашар Идин Юсупов үчүн алышкан. «Алар [Идин жана Спайс] ошол убакыттан бери бирге чоңоюшкан. Бирге өсүшкөн», — деди Идиндин апасы Гүля Алмамбетова.

2018-жылы жайында Спайс жоголуп кеткен. Бала багуучу аял Идин жана Спайс менен сейилдеп жүрүп, итти уурдап кетишкенин көрбөй калган. Ошондон кийин Усуповдор аны өз күчү менен табууга аракет жасашкан: ит жоголгондугу тууралуу жарыялар бардык коомдук тармактарда пайда болуп, ал эми көчөлөргө Спайстын сүрөттөрү илинген.

Иш коомго кеңири тарап, ал эми Алмамбетова милицияга кайрылган. Бирок ал жактан ага андай иштерди карабайбыз деп айтышып, итти издөөдөн баш тартышкан.

Ошондон кийин Идин президент Сооронбай Жээнбековго кат жазып, андан жардам сураган. Алмамбетова кайрылууну коомдук тармактарга жарыялаган. Ошол эле күнү кечинде ага президенттин администрациясынан чалышып, жардам берүүнү убада кылышкан.

Ит кеч табылган

Милиционерлер ит уурдаган адамды жигердүү издей башташкан. Күнөөкөр табылып, ал өзү ит породаларынын түрлөрүн көбөйтүү менен иштээрин, ал эми Спайсты кожоюндарына «кийинчерээк кайтарып берүү» үчүн уурдаганын айткан. Ал итти Бишкекке чукул айылга жеткирип, кишендеп койгон. Бирок Спайс бир не күндөн кийин өлүп калган.

«Азаттык» Спайсты уурдаган адам Усуповдордун үй-бүлөсү менен бир нече жолу сүйлөшүүгө аракет жасап, акча сунуштаганын маалымдаган.

«Бизге анын бир тыйыны да кереги жок. Жада калса биз сотто моралдык зыян үчүн да доомат койбойбуз. Ал жөн гана Кыргызстандын мыйзамдары боюнча жазага тартылышы керек», — деп билдирген ошондо Гуля Алмамбетова.