Роза Отунбаева камактагы оппозиционер Өмүрбек Текебаевди бошотууга чакырды

Экс-президент Роза Отунбаева оппозициячыл саясатчы жана «Ата Мекен» фракциясынын мурдагы лидери Өмүрбек Текебаевди бошотууга чакырды. Ал коррупция беренеси боюнча айыпталып, 2017-жылы камакка алынган. Саясатчы өзү күнөөсүн мойнуна албай келет.

Отунбаева Текебаевди 19-декабрда оппозициячыл саясатчынын туулган күнүнө арналган сүрөт көрмөзмөдө бошоткула деп талап кылды.

«Өмүрбек сөзсүз чыгат. Чыгышына биз баарыбыз көмөк көрсөтөбүз. Бүгүн сүрөт көргөзмөнү көрүп жатып, Өмүрбек түрмөдө акыйкатсыздыктан улам олтурганын, биз баарыбыз алсыз болуп жатканыбызды сезип-билип, ал түгүл уялып да турабыз. Акыйкаттыкты калыбына келтиргенге биз баарыбыз аракетти тайманбастан жасашыбыз керек. Мен бүгүн Өмүрбекти тезирээк бошотууга чакырык таштайм», — деп келтирет «Азаттык» Отунбаеванын айткандарын.

Текебаевдин бошотулушу тууралуу тема 19-декабрда президент Сооронбай Жээнбековдун жыйынтыктоочу басма сөз жыйынында да көтөрүлгөн. Журналисттер андан сот Текебаевдин ишин кайра карап чыга алабы же жокпу деп сурашкан.

Ал эми президент соттун бардык инстанциялары Текебаевдин иши боюнча чечимдерин чыгарышкан жана ал «эч нерсе кыла албасын» айткан. «Мыйзам боюнча менин бир гана укугум бар – мунапыс берүү. Жазса берейин. Башка укугум жок», — деп кошумчалаган президент.

2018-жылы майда мурдагы акыйкатчы Кубат Оторбаев да Текебаевге ырайым көрсөтүүнү суранып президентке кайрылган. Ал эми Текебаев ырайымдын кереги жок экенин айткан, себеби өзүн күнөөсүз деп эсептейт. Саясатчы үзөңгүлөштөрү менен кошо өз ишин кайра кароону талап кылууда.

Текебаев кантип коррупция боюнча соттолгон?

«Ата Мекен» оппозициялык партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев 2017-жылы 8 жылдык мөөнөткө соттолгон. Бирок кийинчерээк анын абак мөөнөтү 4,5 жылга чейин кыскартылган. Саясатчы эркиндикке 2021-жылы чыгышы керек.

Текебаевди орусиялык ишкер Леонид Маевскийден 1 млн доллар пара алуу боюнча күнөөлүү деп табылган. Тергөөнүн версиясы боюнча, Текебаев бул акчага Маевскийге «Мегаком» байланыш операторун башкарууга шарт түзүп берүүнү убада кылган.

Текебаев сотто өзүнө тагылган күнөөнү мойнуна албай, кылмыш ишти «саясий мүнөздүү» деп атаган. Ал өзүнө каршы тагылган айыптарды бийликтин дарегине айткан сындары менен байланыштырган. Учурда Текебаев Бишкектин №47 абагында жаза мөөнөтүн өтөөдө.