Атамбаевди жана анын «Апрель» телеканалын дагы сотко беришти — биринчи арыз четке кагылган

Акматбек Келдибеков, Азимбек Бекназаров жана Кеңешбек Дүйшөбаев экс-президент Алмазбек Атамбаевди жана анын «Апрель» телеканалын экинчи ирет сотко берди. Доонун суммасы — 18 млн сом. Буга чейинки доо документтердин жетишсиздигине байланыштуу сот тарабынан кабыл алынган эмес.

Саясатчылар Атамбаевди жана анын «Апрель» телеканалына карата коюлган доону Октябрь райондук сотуна жолдошкон. Доогерлердин өкүлү Динара Ашимова «Клооптун» журналистине курган маегинде, сот 26-декабрда коюлган биринчи доону документтердин жетишсиздигине байланыштуу четке какканын айтып берди.

«Биринчи доого “Апрель” телеканалы ЖМКга тиешелүү экендиги тууралуу расмий документти тиркөөнү талап кылышты. Атамбаев боюнча далилдерибизге сот эскертүү берген жок. Биз соттун талабын аткарып, кайрадан доо койдук», — деп түшүндүрдү Ашимова.

Жогорку соттун басма сөз катчысы Сюита Соурбаева билдиргендей, Октябрь райондук соту Келдибеков, Бекназаров жана Дүйшөбаевдин доо арызын 11-январда каттады.

«Бүгүн 11:35те доо кабыл алынды. Алар бүгүн документтерди алып келип, катташты. Азырынча [сот процесси] кайсы убакытка коюлары белгисиз», — деди Соурбаева.

Атамбаев менен «Апрелге» коюлган доо эмнеге байланыштуу?

Доогерлердин айтымында, сотко берүүгө Алмазбек Атамбаевдин 10-декабрда «Апрель» телеканалына берген маеги себеп болгон. Экс-президент интервьюсунда Келдибековду коррупция боюнча айыптаган.

«Мамлекеттик кызматтарда иштеп жүрүп мультимиллионер болушкан ошол эле Келдибековдор менен Түлеевдер “Атамбаевди камаш керек” деп кыйкырып жатышпайбы. Кимди камаш керек? Мамлекеттен уурдап миллионер болгондордубу же өз эмгеги менен ата-бабаларынын жеринде үй кургандардыбы?» — деп айткан экс-президент.

Келдибеков өз дарегине айтылган сөздөргө 14-декабрда реакция кылган. NUR TV каналына курган маегинде Атамбаевди сотко бере турганын айткан.

«Адамдын жеке аброюна шек келтирип сүйлөп жатат. Менин аброюма шек келтирип сүйлөгөнү үчүн сотко берем. Эгерде ошол сотко келип далилдеп бербесе, мен соттон жоопко тартсын деп талап кылам», — деп айткан ошондо экс-спикер.

Атамбаевге жана «Апрель» телеканалына каршы коюлган жалпы доонун суммасы 18 млн сомду түзөт. Келдибеков, Бекназаров и Дүйшөбаев Атамбаев менен ага тиешелүү телеканалдан 9 млн сомдон талап кылышууда.

Авторлошу: Эмил Султаналиев