ТИМ мессенжерлерде күнү-түнү иштеген колдоо кызматын ишке киргизди

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) чет өлкөдө убактылуу жүргөн же иштеген мекендештер үчүн күнү-түнү жеткиликтүү болгон колдоо кызматын ишке киргизди. Эми министрликтин кызматкерлерине мессенжерлер аркылуу кайрылса болот.

ТИМ 14-январда маалымдагандай, учурда колдоо кызматы тесттик режимде иштеп жатат. Эми кыргызстандыктар министрлик менен WhatsApp, Telegram, WeChat жана Viber мессенжерлери аркылуу байланышып, керектүү маалыматтарды ала алышат.

Ал үчүн колдонуучулар контактыларына +996551312000 номурун кошуусу керектелет. Андан кийин министрликтин оператору менен байланышып, консультация ала алышат.

Маалыматка ылайык, кыргызстандыктар мессенжерлер аркылуу текст, үн, сүрөт жана видео билдирүүлөрү менен кайрылса болот, ал эми колдоо кызматы күнү-түнү иштейт. Азырынча система тесттик режимде иштеп баштады, ал канча убакытка созулаары белгисиз.

ТИМдин басма сөз кызматы «Клооптун» журналистине курган маегинде, колдоо кызматына кыргыз жана орус тилдеринде кайрылса болоорун кабарлады. Министрликтен билдирүүлөргө жооп берүү боюнча бир-нече киши дайындалганын жана алар 30 мүнөттүн ичинде жооп берээрин кошумчалашты.