«Электр станциялардын» мурдагы жетекчилери Бишкек ЖЭБдеги авария иши боюнча абак мөөнөтүн алышты

Январдагы авариядан кийин ЖЭБ казандарындагы тоңуп калган түтүктөрүн от менен жылытышкан. Сүрөт: Kloop.kg үчүн тарткан Данил Усманов

Бишкектин Биринчи май райондук соту «Электр станциялардын» директорунун мурдагы орун басары Бердибек Боркоев менен мурдагы техникалык директору Алмаз Жусупбековду Бишкек ЖЭБди оңдоп-түзөөдө жасалма келишим түзүшкөн деп күнөөлүү тапты. Боркоевди 1,5 жылга, ал эми Жусупбековду 7 жылга эркинен ажыратуу боюнча өкүм чыкты.

Сот чечими 22-январда чыккан. УКМКнын версиясы боюнча, Боркоев жана Жусупбеков «АйМар Энержи» компаниясынын өкүлдөрү Темирбек Ниязов жана Канат Деркинбаев менен келишим түзүшкөн.

Ниязов 7 жылга кесилип, Деркинбаев 6 жылга эркинен ажыраган.

Тергөөчүлөрдүн айтымында, келишим боюнча Бишкек ЖЭБдеги от казандарды «АйМар Энержи» оңдошу керек болчу, бирок ал иштерди ЖЭБ кызматкерлери өздөрү аткарышкан.

Мындан тышкары, сот айыпталып жаткандардын бардыгы «Электр станцияларына» 6,6 млн сом компенсация төлөшү керек деген токтом чыгарды.

Бердибек Боркоев УКМКнын кызматкерлери тарабынан 2018-жылы кармалган. Ал мамлекеттик мүлктү өзүнө ыйгарып алуу, документтерди жасалмалоо жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча шектелген. Ошол эле айда УКМК Алмаз Жусупбековду да кармаган.

Бишкек ЖЭБдеги авария

Бишкек ЖЭБдеги авария 2018-жылы январдын аягында болгон. Анын айынан шаардыктардын үйлөрүндө температура төмөндөп, ысык суу берүү үзгүлтүккө учураган. Авариянын себептерин аныктоо максатында депутаттык жана өкмөттүк комиссия дайындалган.

ЖЭБдеги авариядан кийин депутаттар жаңыртууга кеткен чыгымды изилдөөнү чечишкен. 2018-жылы майда парламенттик комиссия ЖЭБди жаңыртуунун баасы «кымбаттатылган», ал эми бул долбоор боюнча Кытайдын ТВЕА жалданмачысында деталдуу отчёт жок деген тыянак чыгарышкан.

ЖЭБди жаңыртуу боюнча кылмыш иштин фигуранттары катары өкмөттүн мурдагы башчылары Сапар Исаков менен Жантөрө Сатыбалдиев, андан тышкары, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев да өтүүдө.

5-январда Сапар Исаковго мамлекетке олуттуу зыян келтирилген делип айып угузулган. Ал 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Андан тышкары, Сатыбалдиев менен Артыкбаевге да коррупция боюнча айып тагылган.