Казакстанга мал айдап өтүүгө аракет жасаган адам октон каза тапты

Кыргыз-казак чек арасы. Сүрөт: Kloop.kg үчүн тарткан Эдил Байызбеков

Кыргызстандын Чек ара кызматы билдиргендей, окуя Талас облусунун Жайылган айлына жакын жердеги кыргыз-казак чек арасында болгон.

Кыргыз тараптын версиясы боюнча, үч киши Казакстанга 10-15 жылкы айдап кетүү аракетин көрүшкөн. Аларды чек ара жоокерлери байкап калышкандан кийин Казакстан аймагына качып кетүүгө аракет жасашкан, бирок аскерлер кууп жетишкен.

Кармоо учурунда тартип бузгандар каршылык көрсөтүшүп, чек арачыларды бычак менен коркутушкан.

«Тартип бузуучулар чек арачыларга бычак шилтешкен. Мындан тышкары, алар атчан да болушкан», — деп 23-январда Кыргызстандын Чек ара кызматынан «Клооптун» журналистине билдиришти.

Ал жактан аскерлер биринчи абага эскертүү огун чыгарышып, андан соң гана жоокерлер тартип бузуучуларга ок атышкан.

Тартип бузуучулардын бирөөсү жарадар болуп, биринчи медициналык жардам көрсөтүү учурунда көз жумган. Анын жанында документтери жок болгондуктан өздүгү аныктала элек. Ал эми дагы экөөсү Казакстандын аймагына качып кетүүгө үлгүрүшкөн.