Жалал-Абад: Ишкерден «опузалап пара алган» үч салыкчы кармалды

Жалал-Абад облусунун райондорунун биринде салык кызматынын башчысы менен эки инспектор кармалды. Салыкчылар жергиликтүү ишкерден 50 миң сом алып, анын автоунаасын өздөрүнө каттатууну көздөшкөн.

Финансылык полициянын маалыматы боюнча, 18-январда салыкчылар «салык карыздарын төмөндөтүп берүү» үчүн ишкердин «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү автоунаасын талап кылышкан.

«Алар эгерде ишкер акча берсе карызын 2 млн сомдон 700 миң сомго чейин кыскартабыз дешкен. Карыз салык кызматынын өкүлдөрү тарабынан ойлонуп табылганы аныкталды», — деди финполдун басма сөз катчысы Анастасия Пискур.

Бизнесмен салыкчылардын талабына макул болуп өз машинесин инспекторлордун биринин жакын досуна каттатып берген. Маалыматка ылайык, январдын башында ушул эле салыкчылар ишкерден 50 миң сом өлчөмүндө пара алышкан.

Кармалган салыкчылар Бишкекке жеткирилип убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда алар бөгөт чарасын күтүп жатышат. Биринчи май райондук соту кармалгандарды тергөө изоляторуна киргизүү же үй камагына коё берүү чечимин чыгарышы керек.

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы «Опузалап пара алуу» беренеси менен кылмыш ишин козгоду.