ЖКККББ кызматкери cүзүп алган 11 жаштагы бала жеринде каза тапты

Кырсык болгон жердин сүрөтү / Turmush

Мектеп окуучусун 29-январь күнү эртең менен Новопавловка айылында сүзүп кетишкен. Бала алган жаракаттарынан улам кырсык болгон жерден дароо каза тапкан. Машинанын рулунда Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) 23 жаштагы старшинасы болгон.

Чүй облдустук ЖКККББнын басма сөз кызматынан «Клооптун» кабарчысына билдиришкендей, алдын ала маалыматтар боюнча, айдоочу мас эмес болгон. Ал кармалып, милиция иликтөө амалдарын баштады.

Кубөлөрдүн айтымында, мектеп окуучусун Новопавловка айлынын №1 мектебинин имаратынын алдынан сүзүп кетишкен. Жергиликтүүлөр мектептке жакын жер алдынан өткөөл бар болгону менен анын абалы начар болгондуктан адамдар ал аркылуу өтпөй жатышканына арызданып келишкен.

Бул милиция кызматкерлери өлүмгө алып келген жол кырсыгына катышкан биринчи эле учур эмес. 21-январда Бишкекте милициянын мас абалдагы кызматкери жол кырсыгына кабылган. Натыйжада Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү каза тапкан.