Кыргызстанда экинчи орус аскер базасы азырынча ачылбайт

Сергей Лавров. Сүрөт: Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдиргендей, Орусиянын азырынча Кыргызстанда экинчи аскер базасын ачуу планы жок. Буга чейин Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов эки өлкөнүн президенттери марттагы расмий жолугушууда бул маселени талкуулашат деп божомолдогон.

Экинчи орус аскер базасын ачуу тууралуу Сергей Лавровдон Кыргыз-орус Славян университетинин (КОСУ) студенттери менен жолугушууда сурашты.

«Бул биздин демилге эмес. Ошондуктан биз ал жөнүндө биринчи жолу уктук. Кыргызстандык досторубуз менен аларда түзүлүп жаткан идеяларды талкуулаганга даярбыз», — деп жооп берди Орусиянын тышкы иштер министри.

Лавродун сапарына чейин үч күн мурда Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов орусиялык ТАСС маалымат агенттигине курган маегинде, Кыргызстанда экинчи орус аскер базасын ачуунун зарылчылыгы тууралуу айтып берген.

«Кыргызстандын түштүгүндө экинчи аскер базасын ачуу муктаждыгы тууралуу маселе эки мамлекеттин жогорку жетекчилигинин карамагында турат. Ошондуктан бул маселе эки өлкөнүн президенттеринин март айындагы жолугушуусунда талкууланышы мүмкүн», — деди Жекшенкулов.

Ошондой эле, Кыргызстанда дагы бир орус аскер базасын ачуу муктаждыгы тууралуу 2018-жылы майда Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков да кеп кылган.

«Республиканын түштүк аймагында экинчи орус аскер базасын ачуу зарылдыгы боюнча биздин позициябыз террорчулук, экстремизм жана баңгитрафик сыяктуу ооган коркунучтарына реакция көрсөтө турган коллективдүү күчтөрүн түзүүгө багытталган», — деп айтып берген.

Орусиянын Аскер күчтөрүнүн Авиациялык базасы 2003-жылдан бери Кыргызстандын Чүй облусунун Кант шаарындагы аэродромунда жайгашып келет.