Орусиядагы кыргыз мигранттарына атайын акыйкатчылар жардам беришет

Кыргызстандын акыйкатчы институту Орусияда адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү менен биргеликте Орусияда жүргөн кыргызстандыктардын укуктарын коргошу керек болгон беш акыйкатчыны дайындады. Алар коомдук башталышта иш алып барышмакчы.

Келишимдин жыйынтыгы менен эки өлкөнүн акыйкатчыларынын ортосунда Орусиянын аймактары менен облустарында коомдук башталышта иш алып бара турган Кыргызстандын беш акыйкатчысы дайындалды:

• Урал федералдык аймагына — Жыргалбек Белеков;

• Ханты-Мансийск жана Ямало-Немис автономдук аймагына — Кубанычбек Айдаров;

• Курган шаарына — Жээнмырза Абдырахманов;

• Екатеринбург шаарына — Улан Акматалиев;

• Челябинск шаарына — Зыйна Бакирова.

Урал федералдык аймагы боюнча ыйгарым укуктуу акыйкатчы Жыргалбек Белеков менен +7-922-615-55-82 телефон номери аркылуу байланышса болот.

Материал жарыяланып жаткан учурга Белеков «Клооптун» журналистине кесиптештеринин байланыш маалыматтарын берген жок. Ал муну колу бошобой жатканыдыгы менен түшүндүрдү. Кыргызстандын акыйкатчы институту да калган ыйгарым укуктуу акыйкатчылардын контакттарын бербей, Белековго кайрылууну суранышты.

Бирок, ведомстводон кошумчалашкандай, ыйгарым укуктуу акыйкатчылар кыргызстандыктардын укуктарын бузуу фактыларын издеп-таап, бул тууралуу Орусиянын шаарларындагы, анын ичинде Кыргызстандын элчилигине да билдирип турушат.

Алар өз ишин 2018-жылдын декабрь айынын аягында Екатеринбургда дайынсыз жоголуп кеткен бир тууганын издеген кыргызстандыкка жардам көрсөтүүдөн башташты.