Кыргызстанда киберспорт спорттун бир түрү болуп калды (азырынча бул эч нерсени билдирбейт)

Бишкектеги Опера жана балет театрында болгон «Дота 2» онлайн оюну боюнча турнирдин жеңүүчүлөрү. Сүрөт: Beeline

Мындай чечимди Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги кабыл алды. Киберспортту расмий спорттук дисциплиналардын катарына кошуу жөнүндө буйрукка 2018-жылдын декабрында эле кол коюлган.

Мамагенттиктин башчысынын орун басары Канатбек Арпачиевдин айтымында, Кыргызстанда киберспортту спорттун бир түрү катары таануу — бул анын өлкөдө бар экенин гана «эске алат».

«Бул спорт түрү Азия оюндарынын программасында бар, Олимп оюндары ушул багыт боюнча өтөт [...] Мамагенттик финансы жагынан колдойбу [же жокпу] — бул башка маселе», — деди ал.

Ошондой эле, Арпачиев кыргыз киберспортчуларына азырынча спорттук даражалар ыйгарылбасын кошумчалап, ведомство киберспорттук деп тааныла турган компьютердик оюндардын тизмесин иштеп чыга электигин айтты.

Кыргыз киберспорт федерациясынын президенти Руслан Атеев «Клооптун» журналистине билдиргендей, бийлик алардын киберспортту спорт катары таануу арызын эки жыл карашкан.

Анын айтымында, маморгандар киберспортту каржылашы мүмкүн эмес. Атеев кошумчалагандай, бул спорт түрүнүн расмий кабыл алынышы менен демөөрчүлөр жана жарнама берүүчүлөр өздөрүнүн киберспортко карата мамилесин өзгөртө башташат.

«[Алар менен иштешүү] жеңил болуп калат го дейм. Бирок [бул] байкалат деп деле ойлобойм. Канткен күндө да биз болгон күчүбүздү жумшайбыз», — деди Атеев.

Ал Кыргызстандын ТИМи виза алууда жардамга муктаж кыргыз киберспортчуларына жардам берип атканын кошумчалады. ТИМ 2018-жылы Гонконг жана Жакартадагы киберспорт турнирлеринин катышуучуларына документ тариздеп берүүгө көмөктөшкөн.

Кыргызстандагы киберспорт боюнча соңку ири иш-чаралардын бири байге фондусу 1 млн сомду түзгөн жана Beeline компаниясы уюштурган чемпионат болду. Турнирдин финалы 19-январда Бишкектеги Опера жана балет театрында өтүп, жеңишке жеткен NL5 командасы 500 миң сом утуп алган.

Бирок компьютердик спорт боюнча иш-чаранын Опера жана балет театрынын имаратында өткөндүгү маданият министри Азамат Жаманкуловго жакпай калган. Ал «Дотанын канчалык маанилүү жана керек экенин түшүнүп отурбастан, мындай нерселерге тыюу салам» деп билдирген.

Жаманкуловдун сынынан кийин театрдын директору Болотбек Осмонов театр артисттеринин жамааты маданият министринен директорду бошотпоо боюнча кайрылуусуна карабастан 30-январда кызматтан кетүү жөнүндө арыз жазган.

Тема боюнча:

Кантип профессионал киберспортчу болууга мүмкүн?

Кыргызстандык «Дота 2» боюнча дүйнө чемпионунун командасына алынды. Бул эмне үчүн чоң жетишкендик экенин түшүндүрөбүз

Авторлошу: Маргарита Барвинская