Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев 7-февралда басма сөз жыйынында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлерине каршы иштер боюнча жаңы маалыматтарды ачыктады.
Бишкек ЖЭБ боюнча иштер. Жээнбековдордун жоопкерчилиги текшерилбейт
Сагынбаев билдиргендей, Бишкек ЖЭБдеги авария жана жаңыртуу тууралуу иштер боюнча президент Сооронбай Жээнбеков жана анын иниси Асылбек Жээнбеков текшерилбейт. Анын айтымында, ЖЭБ боюнча кылмыш иши аяктаган жана далилдер чогултулган.
Бул эмне үчүн маанилүү? Өткөн жылдын январында ЖЭБде болгон авариядан улам Бишкектин жарымы жылуулуксуз калгандан кийин бийлик аны жаңыртууга кеткен Кытай насыясы канчалык сарамжал колдонулгандыгын жана авариянын өзүнө ким күнөөлүү экенин териштире баштаган.
Депутаттык комиссия жаңыртуунун баасы «кымбаттатылган», ал эми бул долбоор боюнча насыя келишиминде «Кыргызстандын кызыкчылыгы жазылган эмес» деген тыянакка келген.
ЖЭБ боюнча иштерде териштирүү учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков менен экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ортосундагы жаңжалдын шартында өткөн. Натыйжада, көптөгөн чоң мансаптуу аткаминерлер айыпталуучулардын катарын толукташып калган, алардын ичинде мурдагы президенттин тарапташтары да болгон, мисалы, экс- премьер-министр Сапар Исаков.
Атамбаев менен Исаковго боору ооругандар Сооронбай Жээнбеков да жоопкерчиликке тартылышы керек деп көшөрүшүүдө, анткени ал өкмөт башчысы болуп турган кезде ЖЭБди жаңыртуу боюнча жыйынтыктоочу иштерди тескеген, ал эми 2017-жылы так гана анын өкмөтү жылуулук борборунун эски бөлүгүн оңдоого акча бөлүп турган.
Ошондой эле, мурдагы президенттин тарапташтары бул иштердерде Асылбек Жээнбековдун да күнөөсү бар деп көшөрүшүүдө, анткени Бишкек ЖЭБди жаңыртуу боюнча Кытай менен келишимди депутаттар кабыл алып жатканда учурда ал парламенттин спикери болуп турган деп айтышууда.
Илмияновдун иши. Атамбаевдин экс-кеңешчиси 150 миң доллар пара алган
Сагынбаев Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун ишиндеги жаңы жагдайларды ачыктады. Коопсуздук кеңешинин катчысынын маалыматтарына ылайык, мурдагы аткаминер чет элдик компаниядан бийлик анын автоунааларын камактан чыгарып бериши үчүн пара катары 150 миң доллар алган.
Бул эмне үчүн маанилүү? Илмиянов Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси жана анын берилген тарапташтарынын бири болгон. 2018-жылдын октябрында Илмиянов Орусияда кармалып, алдамчылык, пара алуу жана кызматтык ыйгарым-укуктарынан кыянаттык менен пайдалануу айыптары боюнча Кыргызстанга депорттолгон.
Илмияновдун кармалышынын өзү эле Жээнбеков менен Атамбаевдин мамилелеринин начар экендигинин белгиси болгон. Ал камакка алынгандан кийин бир ай өткөн соң коомдук желеде Жээнбековдун шайлоо алдындагы штабынын чыгымдары жөнүндө текшерилбеген маалыматтар пайда болгон — бул маалыматка ылайык, президенттик кампаниянын реалдуу чыгымдары 10 эсе жогору болгон.
Кийинирээк, Атамбаев өзүнүн «Апрель» телеканалына курган маегинде, бул маалыматтар Илмияновго карата иштин айынан келип чыгышы мүмкүн деп божомолдогон, бирок ал бул маалыматтардын жалпыга чыгышы менен өзүн байланыштырган эмес.
Ибраимовдун иши. «Дастанда» кымырылганын акчанын өлчөмү
Сагынбаев билдиргендей, Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимов мамлекеттик «Дастан» ишканасынын төрагасы болуп турган кезде мекеменин кассасынан 270 миң доллар алган.
Бул эмне үчүн маанилүү? Азыр Ибраимовго карата бери эле дегенде үч кылмыш иши козголгон, алар анын Бишкек шаарынын мэри жана мамлекеттик «Дастан» ишканасынын жетекчиси кызматындагы иштерине байланыштуу.
УКМК Ибраимовду 2018-жылдын июлунда камакка алган. Ал «Дастан» ишканасынын мүлкүн коротуу жана муниципалдык жерлерди мыйзамсыз берүү боюнча айыпталган. 2019-жылдын январында «Нурлуу жээк» пансионатын мыйзамсыз сатуу иши боюнча шектелген — бул пансионат «Дастандын» менчиги болгон.
Ибраимов өзүнө каршы кылмыш иштерин саясий куугунтук деп атаган. Башка аткаминерлердей эле ал бул тизмеде мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкери болгон. Ошондой эле, Ибраимов учурдагы жана мурдагы президенттердин пикир келишпестигинин шартында ээлеген кызматынан кеткен.
Кулматовдун иши. Кулматовдун «коррупциялык аракеттеринен» улам тийген зыян 95 млн сомду түзгөн
Сагынбаевдин айтымында, Бишкектин экс-мэри Кубанычбек Кулматовдун «коррупциялык аракеттеринен» келтирилген зыяндын суммасы дээрлик 95 млн сомду түзгөн.
Бул эмне үчүн маанилүү? Бул иш мектептерди куруу иштери менен байланыштуу. Тергөөнүн версиясы боюнча, Кулматов Бишкекте жаңы мектеп куруу үчүн Кытайдын ТВЕА компаниясынын грантын мыйзамсыз пайдаланган.
TBEA компаниясынын $2 млн доллар грантына Кыргызстандын аймактарында эки жаңы мектеп курулмак, бирок, Сагынбаевдин айтымында, Кулматов «кийлигишип», каражаттарды борбордук мектептердин биринин курулушуна жумшаган.
Бул иш иш боюнча айыптар Кулматовго 2018-жылдын майында тагылган, ал эми бир айдан соң ал камакка алынган. Ал эми мурдагы калаа башчы өзүнө каршы ишти — бул катарына өзү кошулган экс-президент Алмазбек Атамбаевдин айланасындагыларды «саясий куугунтуктоо» деп бир нече жолу айткан.
Коопсуздук кеңеши Атамбаев жазага тартылышы мүмкүн деп эсептейт
Сагынбаев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн деп айткан. Анын айтымында, эгер күбөлөр же саясий иштер боюнча шектелгендер Атамбаевге каршы түз же кыйыр көрсөтмө беришсе, ошондой эле, эгер анын кол тийбестигин алуу тууралуу мыйзам кабыл алынса, анда ага карата кылмыш иши башталышы мүмкүн.
Бул эмне үчүн маанилүү? Экс-президенттердин кол тийбестигин алуу жөнүндө мыйзам долбоорун парламент депутаттары Исхак Масалиев жана Курманкул Зулушев демилгелеп чыгышкан. Алар «Президенттин ишмердиги жөнүндө» мыйзам өлкөнүн Конституциясына каршы келет деп эсептешет.
Масалиев менен Зулушев башкы прокуратурага экс-президентке айып тага алгыдай укук берүүнү сунушташкан. Ал эми парламент жагдайларды дыкат изилдеген соң көпчүлүк добуш менен экс-президентти жоопкерчиликке тартып-тартпоо керектигине добуш берет.
Парламентте экс-президенттин кол тийбестигин кайра карап чыгуу жөнүндө маселеге эки окуя түрткү болгон — бул 2018-жылдын мартындагы Атамбаевдин Жээнбековго карата сын айтуусу (ушундан кийин учурдагы президент Атамбаевдин кадрларын кызматтарынан ала баштаган), андан тышкары, мындан эки ай мурда Бишкек ЖЭБде болгон авария.
2018-жылдын октябрында Конституциялык палата экс-президенттин абсолюттук кол тийбестигин «конституциялык эмес» деп таанып, эл өкүлдөрүн экс-президенттерди иммунитеттен ажырата турчу механизмди иштеп чыгууга чакырган. 2018-жылдын ноябрында Масалиев менен Зулушевдин мыйзам долбоорун парламент биринчи окууда жактырган.
Экс-вице-премьер Аскарбек Шадиевдин мүлкү
Сагынбаевдин айтымында, мурдагы вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевден конфискацияланган мүлк мамлекеттин карамагына өткөн. Бийлик анын активдерин 1,8 млрд сом деп баалаган, анын ичинде аткаминердин эки жеке үйү, Бишкектеги кеңсеси, «Тойота Лэндкрузер 150» үлгүсүндөгү автоунаасы жана ар кандай компаниялардагы уставдык капиталдары бар.
Бирок Жогорку сотко караштуу сот департаментинин басма сөз катчысы Наргиза Сагыналиева «Клооптун» кабарчысына курган маегинде, Шадиевдин мүлкү мамлекетке өтө электигин айткан. Анын айтымында, Шадиевдин адвокаты конфискациялоо жөнүндө чечимге аппеляциялык арыз берген, аны Бишкек шаардык соту карамакчы.
Бул эмне үчүн маанилүү? Аскарбек Шадиев Кыргызстандан 2018-жылы апрелде чыгып, АКШга учуп кеткен, себеп дегенде ал 2017-жылы Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыкты өзүнө ыйгарып алуу боюнча кылмыш ишинин фигуранты болуп калган.
Ал Кыргызстандан чыгып кеткенден кийин УКМК аткаминерге карата дагы эки кылмыш ишин козгогон. Алар: «чек арадан мыйзамсыз өтүү» жана «акчалардын изин жашыруу».
Шадиев бул окуялардан кийин алты ай бою парламент депутаты катары эсептелген. Ал эми 2018-жылы ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясы аны мандаттан ажыраткан.
Авторлошу: Эмил Султаналиев