Башкы прокуратура: Ката менен чыгарылган окуу китептерине 32 млн сомдон ашуун акча коротулган

Бишкектик мектептеги сабакта отурган окуучулар. Сүрөт: Kloop.kg үчүн тарткан Даниль Усманов

Башкы прокуратура Билим берүү министрлиги (ББМ) катасы бар мектеп китептерине Дүйнөлүк банктын 32 млн сомдон ашуун гранттык жана насыя каражаттарын коротконун аныктады. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Билим берүү министрлиги менен басмакана «кызмат абалынан кыянат пайдаланууга» жана «алдамчылыкка» шектелүүдө.

2018-жылы журналисттер катасы бар мектеп окуучулары тууралуу бир катар материалдарды жарыялашкан, мисалы, 6-класстын окуучулары үчүн география жана 5-класстын окуучулары үчүн табият таануу боюнча китеп. Башкы прокуратура ББМ бул китептерди басып чыгарууга Дүйнөлүк банктан грант жана насыя катары алынган 32 млн сомдон ашуун каражатты коротконун аныктаган.

Башкы көзөмөл органы тапкан мыйзам бузуулар:

• ББМ окуу китептерин иштеп жана басып чыгарууга «Билим-компьютер» басмаканасы менен келишим түзгөндөн кийин, басмакана өз милдеттерин конкурстун талаптарына ылайык келбеген «Инсанат» басмаканасына өткөрүп берген;

• Табият тануу боюнча китепти толугу менен учурда колдонулган, 2012-жылдын китебинен көчүрүп коюшкан;

• Басмаканадан кетирилген каталарга карабастан, Кыргызтандын билим берүү академиясы менен ББМ окуу китебин жактырган;

• Аларга 32,7 млн сом коротулган.

Прокуратура ББМдин кызматкерлеринин, Кыргызстандын билим берүү академиясынын, басмаканалардын жана Дүйнөлүк банктын долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн кызматкерлеринин аракеттеринен «кызмат абалынан кыянат пайдалануу» жана «алдамчылык» белгилерин тапкан. Текшерүү уланууда.

Жаңы окуу китептериндеги миңдеген каталар

2018-жылдын октябрында ББМ окуу китептерди миңдеген каталар менен басып чыгарган «Билим-компьютер» басмаканасын сотко берээрин билдирген. Бирок басмаканадан билдиришкендей, алар каталар үчүн юридикалык жоопкерчиликке тартышпайт, анткени окуу китебинин акыркы вариантын алар бекиткен эмес.

Жыйынтыгында «Билим-компьютер» география боюнча китептерди кайра өз эсебинен басып чыгарууну убада кылган. Ал эми ББМ китептерди чыгаруу алдында «анчейин деле текшербесин» моюнга алган.

Мурдараак «Клооптун» журналисттери февралда физика боюнча китепте жүздөгөн грамматикалык каталарды жана туура эмес формулаларды табышкан. Анда Билим берүү министрлиги 2017-жылдын ноябрына чейин басып чыгарылып аткан китептердин мазмунун таптакыр текшербегени аныкталган. Ал китептер үчүн жыл сайын ондогон миллион сом коротулган.

2017-жылы ноябрда Билим берүү министрлиги өзүнүн техникалык комиссиясын техникалык-эксперттик комиссияга өзгөртүп, анын артына мамтил бөлүмү менен Илимдер академиясынан эки кызматкерди бекитип берген. Бирок бул жаңы китептердеги каталарга жол бербөөдөн сактап калбаганы байкалып турат.