Евгений Гуревич: Бакиевдер чыгарып кеткен 6 млн $ Кыргызстанга менин аркам менен кайтарылды

Евгений Гуревич

Максим Бакиевдин мурдагы каржы кеңешчиси анын жардамынын аркасы менен АКШнын бийлиги Кыргызстанга 6 млн долларды кайтарып берүүнү чечкенин айтат. Бул акчаларды өлкөдөн мурдагы президент Курманбек Бакиев жана анын айланасындагылар чыгарып кетишкен.

Гуревич 24.kg басылмасына билдиргендей, АКШ бийлиги тарабынан Кыргызстанга кайтарылчу 6 млн доллар — «анын ишинин логикалык жыйынтыкталышы». Бул акчалар өлкөдөн 2012-2013-жылдары Гонконгдогу оффшор компаниясынын жардамы менен чыгарылган. Аталган компания бейрасмий түрдө Бакиевдерге таандык болгон.

«Каражаттардын бир бөлүгү Кыргызстанга кайтарылгандан кийин бул операциядагы менин катыштыгымды эч ким белгилегиси келген жок. Азыр мени менен иштешүүдөн баш тартышып, менден оолак болууга аракеттенип жатышканы да түшүнүктүү», — деди Гуревич.

Анын айтымында, акчаларды Кыргызстанга кайтаруу процесси 2014-жылы эле башталган. Ал учурда Гуревич АКШнын юстиция департаментинин өкүлдөрүнө Бакиевдердин Кыргызстандан чыгарып кетишкен 5,5 млн доллары тууралуу айтып берген. Ошондон кийин АКШнын юстиция департаменти Кыргызстандын башкы прокуратурасы менен кызматташа баштаган.

«2015-жылы мага Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын жана АКШ бийлигинин юристтери келишкен [...] Тилекке каршы, Кыргызстандын кызыкчылыктарын коргогон юристтердин компетенттүүлүгү жок болгондуктан, анын ичинде мага түшүнүксүз болгон кандайдыр бир саясий агымдардан улам мындан аркы процесс токтоп калган», — деген Гуревич.

Ал кийинчерээк Кыргызстандын АКШдагы кызыкчылыктарын коргогон юстиция департаментинин, андан тышкары, «Akin Gump» фирмасынын юристтери менен байланышканын кошумчалады. Гуревич алардын көңүлүн кайрадан Кыргызстанга тиешелүү акчаларга бурдурган.

Гуревич кошумчалагандай, эгер кыргыз бийлиги акчаларды кайтаруудагы анын салымы тууралуу «чындыкты ачык» айтып бере турган болсо, Бакиевдер чыгарып кеткен акчалар боюнча Кыргызстан менен мындан ары да кызматташууга макул болот.

«Мен кучак жайып, кызматташууну сунуштаганым менен жыйынтыгында бул жашырылып, тескерисинче мени дайыма жаман адам, кылмышкер кылып көрсөтүшкөнү мага кызыктуу деле болбой калды», — деп кошумчалады ал.

АКШ Кыргызстанга акчаларды кайтарып берди

25-февралда Бишкекте Кыргызстандын каржы министри Бактыгүл Жээнбаева менен АКШнын мамкатчысынын жардамчысынын биринчи орун басары Элис Уэллс мурдагы президент Курманбек Бакиев жана анын айланасындагылар чыгарып кеткен 4,6 млн долларды Кыргызстанга кайтаруу боюнча келишимге кол коюшкан.

«Биз бул акчаларды кайтарып беребиз. Бул факт бүгүнкү күндө Кыргызстанда президент Сооронбай Жээнбековдун жетекчилиги астында коррупцияга каршы күчөтүлгөн саясаттын жүрүшүнө байланыштуу», — деп түшүндүргөн Уэллс.

Кыргыз бийлиги алгачкы 4,6 млн долларды аймактарды өнүктүрүүгө, медкаражаттарды сатып алууга жана айылдарды таза суу менен камсыздоого жумшайт.

Гуревич деген ким?

Евгений Гуревич Нью-Йоркто эл аралык бизнес консультант болгон, ал эми 2008-жылы Курманбек Бакиевдин уулу Максим менен биргеликте кыргыз инвестициялык банкын негиздеген. Ошондой эле ал президенттин үй-бүлөсүнүн каржы кеңешчиси болгон.

2010-жылдагы апрель революциясынан кийин Гуревич менен Бакиевдер мамбюджеттен акча уурдоо боюнча соттолушкан. Максим Бакиев Гуревичке өзүнүн жеке учагы менен Беларуска учуп кетүүгө уруксат берген.

Кийинчерээк Гуревич АКШга кетип, ал жактан кармалып, алдамчылык үчүн соттолгон. Ал Алабама штатында беш жыл абакта отурган.

Бакиевдердин үй-бүлөсү акчаларды Кыргызстандан кантип чыгарып кеткен?

2018-жылдын августунда Гуревич Курманбек Бакиевдин президенттиги убагында ал жана анын айланасындагылары Кыргызстандан 200-300 млн доллар чыгарып кетишкенин айтып берген. Гуревич буларды документ менен ырастап бере алаарын маалымдаган.

Гуревич «Азаттыкка» курган маегинде кыргыз элинин алдында « күнөөсүн сезээрин» айткан. Андан тышкары, Максим Бакиев анын өмүрүн сактап калганын жана жооп иретинде Гуревич аны АКШда түрмөгө түшүп калуудан кутулууга жардам бергенин кошумчалаган.

Максим Бакиев — 2010-жылы апрелде кулатылган Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиевдин уулу. Бийлик алмашкандан кийин ал Кыргызстанда финансылык алдамчылык үчүн айыпталып, мүлкүн конфискациялоо менен сыртынан 25 жылга соттолгон.

Курманбек Бакиевдин өзүн Кыргызстандын Жогорку соту 2010-жылдын 7-апрединдеги окуялар үчүн 30 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган.