Карыпбеков КТРКнын жетекчилик кызматына талапкерлигин көрсөтүүдөн баш тартты

КТРКнын учурдагы башкы директору Илим Карыпбеков Байкоочу кеңештин жыйынында өз кызматын сактап калуу үчүн күрөшпөй турганын билдирди. Бул өлкөнүн башкы телеканалынын болочок жетекчисин шайлоонун шартында болду.

Карыпбеков КТРКнын башкы директорлук кызматын сактап калуу үчүн күрөштү улантуудан баш тарткандыгынын себебин ачыктаган жок. Кызматтан кетип жатканына арнап ал фейсбукта кесиптештеринин, кызматкерлердин, саясатчылардын жана активисттердин дарегине ыраазычылык билдирүү менен пост жазган.

Өзүнүн коштошуу постунда Карыпбеков телеканалда иштеген мөөнөтүн «оңой эмес» деп атады. «Жумушумда көтөрүүлөр, түшүүлөр, ийгиликтер, жол болбостуктар болду. Клиникалык өлүмдү баштан өткөрүп, эң жакын досумду жоготтум», — деп жазды ал.

КТРКнын башкы директору өз кайрылуусунун бир бөлүгүн мурдагы жана учурдагы президенттерге, ошондой эле мурдагы премьер-министрлерге, саясатчыларга жана башка аткаминерлерге жолдогон. «КТРК — бул саясаттын борбору. Ал өлкөдөгү бардык саясий процесстердин негизги катышуучусу», — деп кошумчалаган ал.

Буга чейин февралдын ортосунда Карыпбеков талапкерлердин ортосунда атаандаштыкты күчөтүш үчүн жана жамааттын суранычы боюнча экинчи мөөнөткө баратканын билдирген. Бирок эки жыл мурда дагы бир мөөнөткө талапкерлигин койбой тургандыгын убада кылган.

Карыпбековдун КТРКдагы эмгеги

Карыпбеков КТРКны 2015-жылы мартта жетектей баштаган. Буга чейин ал эл аралык «Манас» аэропортун жетектеген жана «Мегаком» компаниясында юрист болуп иштеген. Илим Карыпбеков КТРКны жетектеген төрт жыл аралыгында телеканал оппозициянын же жарандык активисттердин пикирин чагылдырбай бийликтин позициясын карманганы үчүн далай жолу сынга кабылган.

Мисалы, 2017-жылы президенттик жарыш учурунда өлкө башчылык кызматка талапкер Темир Сариев КТРК үч аптанын ичинде бийликчил талапкер (кийинчерээк президент болуп калган) Сооронбай Жээнбеков жөнүндө 127 репортаж көрсөткөн деп телеканалды айыптаган. Бирок ошол эле маалда Карыпбековду КТРКдагы инфраструктуралык өзгөрүүлөр үчүн макташат — техникалык жактан алып караганда телеканал өнүгүп, техникалык базасын жаңырткан.

Кээ бир депутаттар Карыпбековду бир нече жолу сынга алышып, телеканал оппозицияга эфир бербейт деп айтып чыгышкан. Бирок КТРКнын башчысы өзү каналдын сынга алынуусуна карабастан, жеке ага бир дагы документтелген нааразычылык түшкөн эместигин билдирген.