Кыргызстан OneWeb спутниктик интернет долбоорунун катышуучусу болду

Спутник интернетин орнотуу боюнча OneWebдин долбоору

Кыргызстан британиялык OneWeb компаниясынын спутниктик интернет долбооруна катышкан дүйнөнүн алты өлкөсүнүн бири болду. Компания космоско өзүнүн алгачкы жапыз орбиталык байланыш спутниктерин жөнөттүүгө үлгүргөн.

OneWeb космоско алгачкы алты спутникти 28-февралда жөнөткөн — аларды орусиялык «Союз» жүк ташуучу ракетасы жеткирген. Ал Француздук Гвианадагы Куру космодромунан учкан.

Компания өз спутниктеринин жардамы менен алты өлкөнүн барууга кыйын болгон аймактарынын мектептери интернетке жеткилик ала алышат деп үмүттөнөт. Алар: Кыргызстан, АКШ (Аляска штаты), Эквадор, Руанда, Гондурас жана Непал.

Азырынча OnWebтин бекер интернетине жетүүгө кыйын болгон райондогу бир кыргыз мектебин кошуу пландалууда. Ал мектеп Нарын облусундагы Котур-Суу айылында жайгашкан. Мектепти интернетке кошуу 2020-жылга пландалууда.

OneWeb — бул 2012-жылы америкалык ишкер Грег Уайлер түзгөн британиялык стартап компаниясы. Анын максаты — жогорку ылдамдыктагы интернетти дүйнө жүзүнө жеткиликтүү кылуу.

«Би-Би-Синин» орус кызматы маалымдагандай, бул үчүн OneWeb компаниясы орбитада 648 спутникти иштеп турган абалда кармап турушу керек.

OneWeb глобалдык интернеттин үстүндө иштеген жалгыз эле компания эмес. Анын конкуренттеринин бири — бул байланыш спутниктерин орбитага өткөн жылы эле чыгарган Илон Масктын SpaceX компаниясы.