КТРКнын жаңы директору болуп Жайнак Үсөн уулу шайланды

Жайнак Үсөн уулу. Сүрөт: анын фейсбуктагы жеке барагынан алынды

КТРКнын байкоочу кеңеши телеканалдын жетекчилик кызматына Жайнак Үсөн уулун шайлады. Телеканалдын башкы директорлугуна ат салышууда ал активист Адил Турдукуловду жана Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулун артта калтырган.

Телерадиокорпорациянын директорун шайлоо 6-мартта өттү. Жайнак Үсөн уулу КТРКнын байкоочу кеңешинин 15 мүчөсүнүн 13 добушун алган.

Башкы директорлук кызматка 22 адам талапкерлигин көрсөткөн. Бирок тандоо жана маектешүүдөн кийин жетөөсү гана калган. Алар: Ибраим Нуракун уулу, Жайнак Үсөн уулу, Адил Турдукулов, Галина Байтерек, Сураган Босумбаев, Болотбек Тиллебаев ижана Замирбек Казакбаев.

Жайнак Үсөн уулу НТС телеканалын 2015-жылдын апрелинен тарта жетектеген. Ошондой эле ал санарип эфирдик берүү тармагында иш алып барган «Санарип технологиялар» компаниясынын директору болуп саналат.

Авторлошу: Айда Эркебаева