Бишкек шаардык кеңештин төрагасы 8-мартка карата эркек кишиге куттуктоо жөнөткөн. Шаардык кеңеш муну жаңылыштык деп атады

Саламаттык сактоо министрлигине караштуу коомдук кеңештин башчысы Айбар Султангазиев Бишкек шаардык кеңешинин спикери Жаныбек Абировдун колу коюлган 8-мартка карата куттуктоо алган. Шаардык кеңештен муну жаңылыштык деп аташып, «ушундай болуп калганы өкүнүчтүү» экенин айтышты.

Султангазиев өзүнүн фейсбук барагында 7-март күнү үйүнүн дарбазасынын алдында 8-мартка карата өзүнүн аялына, апасына жана жеке өзүнө даректелген куттуктоо кагазын алганын жазган. Акыркы куттуктоо кагазы Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абировдон келген. Анда спикер Султангазиевди эл аралык аялдар күнү менен куттуктаган.

Ура))) Наконец-то и меня поздравили с 8м марта!)))) Депутаты гор.кенеша поздравляют))))

Posted by Айбар Султангазиев on Wednesday, March 6, 2019

Бишкек шаардык кеңештин басма сөз кызматы «Кактус» басылмасына куттуктоо каты Султангазиевге барбашы керек эле, шаардык кеңештин кызматкерлери үч ай бою 8 миң куттуктоону колго толтурушуп, ката кетиришиптир деп билдирген.

«Акыркы күндөрү спикердин жардамчылары куттуктоо каттарынын бардыгын толтурууга жетишпей жатышкан, ошондуктан кол коюлган куттуктоо каттарынын бир бөлүгү кварталдык кызматкерлерге берилген, алар катка өз аймагында жашаган аялдардын аттарын киргизишкен. Балким алардын ичинен кимдир бирөөсү ал жакка жаңылыштык менен эркек кишинин атын жазып алышса керек. Биз азыр кантип ушундай болуп калганын аныктап жатабыз. Кантсе да ушундай болуп калганы үчүн бизге абдан өкүнүчтүү», — деп билдиришкен басма сөз кызматтан.